Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Журналист Азият Жекшеев соттон чакыруу кагаз алганын билдирди


Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

“Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын” лидери, журналист Азият Жекшеев ага 7-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунан чакыруу кагазы келгенин билдирди. Анын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, чакыруу мындан беш жыл мурун болгон окуяга байланыштуу. Соттук отурум 4-мартка белгиленген.

“Мен “ТВ Кайгуул” программасында иштеп жүргөндө бир адам “автордук укук бузуу” боюнча мени сотко берген. Александр Паленый деген кишинин жол эрежесин бузганы тууралуу видеосун авторун көрсөтүп туруп программага чыгаргам. Ал “менин видеомду авторду белгилебей чыгарган” деп 2-3 жолу сотко берип утулган. Иш эмнегедир кайра карала баштаптыр”, - деди ал.

Райондук сот бул боюнча маалымат бере элек.

Азият Жекшеев НТС телеканалынын кабарчысы болуп иштеп турганда чукул кырдаалдар жана кылмыш окуялары тууралуу көрсөткөн “ТВ Кайгуул” программасын алып барган. Журналисттер күнү-түнү Ички иштер министрлиги (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана “Тез жардам” кызматы менен чогуу рейдге да чыгып турушчу.

Жекшеев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Реформа” саясий партиясынын тизмеси менен катышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG