Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Сот «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды


Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу маалымат «Клооп» басылмасынын X социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына жарыяланды.

Аталган коомдук фонд «Клооптун» юридикалык жактарынын бири экени белгиленди.

«Фонд бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна арызданат» деп айтылды маалыматта.

Сот жана прокуратура органдары азырынча маалымат бере элек.

Бүгүн Октябрь райондук сотунда шаардык прокуратуранын «Клооп» порталын жабуу тууралуу арызын кароо уланган. Бул күнү Республикалык психиатрия борборунун адистери ишке байланыштуу чыгарып берген бүтүмү тууралуу көрсөтмө беришкен. «Клооптун» адвокаттары эксперттердин корутундусун четке кагып, ал негизсиз жана үстүртөн жасалганын билдиришкен.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөгөн.

"Клооп" сайтынын орусча баракчасы былтыр сентябрдын ортосунда, ал эми кыргызчасы ноябрдын башында бөгөттөлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG