Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

Милицияны сындаган журналист опузалоого шек саналып кармалды


Эрмек Аттокуров.
Эрмек Аттокуров.

Чүй облустук милициясы журналист Эрмек Аттокуровду “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча шек санап кармады. Ал өткөн жылы жазында кошунасы үйүнө келип сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканына даттанган эле. Ошол окуялардан кийин ИИМди соцтармактар аркылуу сындап жүргөн.

Эрмек Аттокуров Фейсбуктагы соңку билдирүүсүндө өзүнө карата "Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы чагымчыл иштерди даярдап жатышы мүмкүн” деген кооптонуусун жазган.

"100 миң сом алып жатканда кармалды"

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы журналист Эрмек Аттокуровду Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча шек санап кармаганын маалымдады. Башкармалыктын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Анвар Эсеналиев буларды маалымдады:

“Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына А. Э. жана Т. А аттуу жарандар өз ара келишип алып, укук коргоо органынын кызматкеринен 1 000 000 сом өлчөмүндөгү акча опузалап талап кылып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Чүй облустук ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон. 2024-жылы 8-февралда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө жана атайын тергөө амалдарынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда 1986-жылы туулган А. Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда”.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган Эрмек Аттокуров соңку жылдары өлкөдөгү “Бешинчи канал”, НТС баштаган бир катар жергиликтүү медиаларда эмгектенип келген. Кесиптештеринин маалыматына караганда, ал 2020-жылдан кийин өз алдынча иштеп жүргөн.

Аттокуров 2023-жылы март айында кошунасы аны үйүнөн сабаганын айтып, буга Чүй облустук милициясы, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү чара көрбөй жатат деп даттанган. Бул иш боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Облустук милиция буга чейин 2023-жылы март айында Сокулук районунун Күн-Туу айылына караштуу Строитель дачасынын тургуну кошунасы Эрмек Аттокуров “таштандыны менин үйүмдүн алдына таштайсын” деп ур-токмокко алганын айтып, арыз жазганын билдирген.

Бул иш боюнча Сокулук райондук соту былтыр Эрмек Аттокуровду күнөөлүү деп таап, 30 миң сом айып салган. Ал бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылып, облустук сот тараптардын жарашуусуна байланыштуу ишти кыскарткан.

Кийин Эрмек Аттокуров кайра кошунасына каршы арыз жазып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү ишти тергеген. Ага үч жолу соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын денесинде табылган жаракаттар иштин жагдайына туура келбейт деп жыйынтык чыгарылган жана кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бул окуядан улам Аттокуров облустук жана райондук милицияны, райондук сотту сынга алып келген.

8-февралда Фейсбуктагы баракчасына “ага каршы Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы чагымчыл иштерди даярдап жатканын” жазган.

"Үй-бүлөсүн коргогон"

Эрмек Аттокуров менен бир канча жыл НТСте иштеген кесиптеши, медиа эксперт Миржан Балыбаев анын милициянын кылтагына илингенин ушул жаңжал менен байланыштырат:

Миржан Балыбаев.
Миржан Балыбаев.

“Былтыр кошунасы мас абалында Эрмектин үйүнө кирип келиптир. Эрмек үй-бүлөсүн коргоп, ага каршылык көрсөткөн экен. Анан эле бул ишти милиция карагандан кийин Эрмек жабырлануучу эмес, айыпталуучу болуп калып жатат. Аны күнөөлөп, коркутуп-үркүткөндөрү, кысым көрсөтүлгөнү тууралуу баарын Эрмек Фейсбукка жарыялап турду. Анан эле ушулардын натыйжасында Эрмек акча доолаптыр, жанынан акча чыгыптыр деген маалыматтарга мен ишенген жокмун. Эрмек менен иштегендердин баары айта алат, ал мындай ишке барбайт болчу. Ал абдан принципиалдуу, такыба адам. Мен жогорудагы иштердин эмнеден келип чыкканы сөзсүз эске алынып, иликтениши керек деген ойдомун. Ал өз үй-бүлөсүн коргойм деп кайра жапа чегип жатат. Мыйзам боюнча өз үйүн, өз үй-бүлөсүн коргоп, керек болсо бастырып кирген чоочун адамды атып салса да жооп бербейт. Анын Фейсбуктагы “мени подстава кылыш мүмкүн" деп жазган акыркы посту да эске алынып, иликтениши керек”.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Аттокуровдун кармалган учуру тартылган видеону да жарыялады. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналисттин автоунаасынын жанынан акча санап жаткан кадрды көрүүгө болот.

Журналисттин кесиптештеринин билдиргенине караганда, анын жанында кармалганга чейин жубайы да болгон. Ал жолдошунун айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу жакын арада кененирээк маалымат берерин билдирди.

"Видеокаттоону алып коюшуптур"

Аттокуровдун кесиптеши Мирзат Муканов да анын акча опузалап кармалганына ишенбей турганын айтууда. Ал Аттокуровдун иши акыйкат каралышы керек деп эсептейт:

Мирзат Муканов.
Мирзат Муканов.

“Фейсбуктагы баракчасын карап көргөн адам деле түшүнсө керек, буга чейин анын үйүндө кошунасы менен болгон жагдайдан кийин милициянын ага карата акыйкатсыз мамилелерин байма-бай айтып, жазып жүргөн. Өзү акыйкаттык издеп безилдеп жүргөн киши кантип кайра опузалап акча талап кылсын? Бир күн мурда Фейсбугуна "мени подстава кылышы мүмкүн, бир зат таштап коёр бекен" жазып алып эле эртеси акча ала койду деген кайсы логикага жатат? Алгысы келген киши, тескерисинче, эч кимге айтпай, жашыруун алса керек. Аны кармаган учурунда унаасындагы видеокаттоо жабдыгын да алып коюшту деп келинчеги айтып жатат. Бүдөмүк жагдайлар көп болуп жатат. Өзү бир-эки ирет жумушта оорчулук болуп кеткен учурда жыгылып калган жайы бар. Сурасам, талмасы бар экен дешти эле. Биринчи топтогу майып баласы да бар. Ошолордун баарын эске алып, ишин адилет карап коюшса деп жатабыз”.

Эрмек Аттокуров кошунасы менен болгон түшүнбөстүктөр тууралуу буга чейин Фейсбуктагы баракчасына өзү да бир топ маалыматтарды жарыялаган.

2023-жылы июль айында Фейсбуктагы баракчасына белгисиз бирөө менен жакалашып жаткан видеону да чыгарган. Аны тартып жаткан кызына милицияны жана кошуналарды чакыр деп жатканын көрүүгө болот. Андан эки күндөн кийин чатакташкан киши менен жарашып, анын доосу жок экенин өзүнөн түшүнүк кат аркылуу жаздырып жаткан видеону жүктөгөн. Журналисттин андагы маалыматтарында бул окуялар алар соттошконго чейин март айында тартылган.

Аттокуровдун кесиптештеринин айтымында, анын бөгөт чарасы 10-февралда Свердлов райондук сотунда каралат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG