Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Алматы соту кыргызстандык ишкерди төрт жылга соттоду


Эрмек Маркабаев.
Эрмек Маркабаев.

Казакстандын Карасай райондук соту кыргызстандык ишкер, Алматыдагы ири "Алтын Орда" базарынын аткаруучу директору болуп иштеп турган Эрмек Маркабаевди төрт жылга абакка кести. Ага "маңзатты мыйзамсыз алып жүргөн" деген берене менен айып тагылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. Ишкердин жубайы жолдошуна "жалган жалаа жабылып жатканын" айтып, казак президентине видео кайрылуу жолдогон. Кыргызстандык ишкердин маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөтүлгөнүн маалымдаган болчу.

Алматы облусунун Карасай райондук соту кыргызстандык ишкер, Алматыдагы ири базарлардын бири "Алтын Орданын" аткаруучу директору болуп иштеген Эрмек Маркабаевди "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз алып жүрүү" деген берене менен айыптуу деп таап, төрт жылга жалпы режимдеги абакка кести.

Соттук отурум 5-февралда болгон.

Ушул айдын башында прокуратура аны беш жылга абакка кесүүнү соттон сураган. Отурумда Маркабаев акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыптарды четке какканын анын уулу Алтынбек Маркабаев “Азаттыкка” билдирген.

Ишкердин аялы Роза Каримова соттун чечими чыккандан кийин казак президенти Касым-Жомарт Токаевге видео кайрылуу жасап, жолдошуна "жалган жалаа жабылып жатканын" айтты:

"Сегиз айдан бери адвокат күйөөмдүн күнөөсү жок экенин далилдеп берди. Буга чейин чыгарылган экспертиза жасалма экени аныкталды. Аны атайылап карматышты. Ага кантип маңзат салып жатканы тартылган оперативдүү видео дагы көрсөтүлдү. Менин жолдошум эч качан баңги болгон эмес. Ошого карабай Карасай райондук соту аны төрт жылга кесип койду. Урматтуу Касым-Жомарт Кемелеович, сизден жардам сурайм. Сиз гана жардам бере аласыз".

Кыргызстандык ишкерди каматкан жагдай

Алматыдагы ири базарлардын бири "Алтын Орданын" аткаруучу директору Эрмек Маркабаевди казак полициясы былтыр 2-июнда кармап кеткен. Окуя Алматы облусунун аймагында, Алматы – Бишкек автожолунда болгон. Полицияга куралчан адамдар бара жаткан машина тууралуу анонимдүү маалымат түшүп, "Алтын Орданын" аткаруучу директору Маркабаевдин машинасы токтотулган. Жансакчысы текшерилип, анын алып жүргөн куралынын бардык документтери жайында болуп чыккан. Бирок ошол эле замат маңзатка байланыштуу жаңы айып коюлуп, иш козголуп, Маркабаев камакка алынган.

3-июнда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Telegram каналына ага маңзатты сатуу максатында мыйзамсыз алып жүргөн жана курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алган, сактап жүргөн деген мазмундагы айыптар коюлганы тууралуу маалымат чыккан.

Ошол учурда Интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тараган. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага маңзатты атайылап салып коюшканын көргөнүн айткан. Ишти Алматы полициясы тергеген.

Базарды тартып алуу аракети болгонбу?

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов буга чейин Эрмек Маркабаевге укуктук жардам көрсөтүлгөнүн, мындан кийин аны Кыргызстанга которуу аракети көрүлөрүн "Азаттыкка" билдирди:

"Биз колдон келген аракетти кылдык. Азыр дагы иштеп жатабыз. Өкмөттүк деңгээлде дагы сүйлөшүлдү. Эми кийинки жумадан консулдук Маркабаевдин өзү менен жолугат. Баш консулдук бул иштерди алып барат. Жараныбызды таштап койбойбуз. Өзү макулдугун берсе, Кыргызстанга которуу жумуштарын алып барабыз", - деди Арипов.

Ариповдун буга чейин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Маркабаев базарды тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып берген. Башкы консул бул иште бир топ күмөндүү жагдайлар бар экенин айткан болчу.

Маркабаевдин маселеси былтыр сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. 22-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкердин укугун коргоо аракети көрүлүп жатканын, иликтөөдө эл аралык укук ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Мунун алдында Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Алматыда камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин ишине байланыштуу Казакстандын омбудсмени Артур Ластаевге кайрылган. Акыйкатчы эки өлкө ортосунда кабыл алынган кызматташтык жөнүндөгү меморандумга ылайык Маркабаевдин укугун коргоого көмөктөшүүгө чакырган.

Аталган мекеменин өкүлү Самат Калчабаев бул арыз акыйкатчынын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Былтыр жыл соңунда Маркабаевди бошотууну талап кылган жакындары жана кесиптештери Астанада митингге чыгышкан. Алар ишкерге каршы козголгон кылмыш иши “ойдон токулган” деп эсептешет.


Алматы шаарынын четинде - Бишкек-Алматы жолунун боюнда жайгашкан "Алтын Орда" базарын экс-президент Нурсултан Назарбаевдин агасы Болат Назарбаев менен байланыштырып келишкен. Кандуу Январь окуясынан кийин бул базардын жетекчилигинде өзгөрүү болгону айтылган.

Ишкер Эрмек Маркабаевди көп жылдан бери жакындан тааныган журналист Айбек Шамшыкеев аны бейкүнөө камалып, чоң бизнестин курмандыгына айланды деп эсептейт. Анын айтымында, Маркабаев Кыргызстандагы, Казакстандагы айрым базарларды оңдоп, коомдук иштерге, кайрымдуулук, социалдык долбоорлорго активдүү катышып жүргөн:

Айбек Шамшыкеев.
Айбек Шамшыкеев.

"Туугандары, адвокаты деле бул жерде бийликтин кийлигишүүсү бар деп айтып жатышат. "Алтын-Орданын" мурунку ээсин 2012-жылы Назарбевдин кишилери бычактап, өлтүрүп коюшкан дешет. Ал киши Маркабаевдин туугандары, жезделери болуп кетет экен. Казакстанда бийлик алмашып, Токаев келгенден кийин базарды булар өздөрүнө алып, иштете башташкан. Бирок 1,5 жыл иштетип, бутуна тургузуп койгондон кийин бийлик көз артып, кайра талашып жатат деген сөз чыккан. Ошондон улам атайын уюштурулуп, күнөөсүз кармалып калды. Сегиз айдан ашты. Аны 10 жылдан бери тааныйм, көп жолу пикирлешип, санаалаш болуп жүргөнбүз. Анын баңгизат тартканын же туура эмес иш кылганын көргөн эмесмин. Ал чоң бизнестин курмандыгы болуп, кармалып жатат".

Маркабаевди жакшы тааныгандар 2010-жылдан кийин Кыргызстанга келип, "Сары-Өзөн" базарын ачып, кийин өткөрүп бергенин айтып жатышат. Эрмек Маркабаев 2015-жылы "Замандаш" партиясынын, 2020-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн.

"Алтын-Орда" Казакстандагы ири базарлардын бири. Анда беш миң соода жайы бар.

2023-жылы 6-февралда президент Касым-Жомарт Токаев аталган базардын "каймагын" жегендерге чара көрүлөрүн айтып, тартип орнотууну тапшырган.

2-июнда Казакстандын ошол кездеги премьер-министри Алихан Смаилов атайын текшерүүнүн жыйынтыгында “Алтын Ордо” базарында 300дөн ашык мыйзамсыздык аныкталганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG