Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Алматы: Кыргызстандык ишкерди камоого эмне себеп болду?


Алматы шаары. Архивдик сүрөт
Алматы шаары. Архивдик сүрөт

Казакстандын Алматы шаарындагы "Алтын Орда" базарынын директорунун орун басары, кыргызстандык Эрмек Маркабаев эки айга камакка алынды.

Ага сатуу максатында баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөн жана курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алган деген айып тагылганы айтылууда.

Соцтармактардын колдонуучулары кыргыз ишкер атайлап тузакка түшүрүлгөнүн айтып жатышат.

Жыл башында президент Касым-Жомарт Токаев "Алтын Орда" базары жөнүндө сөз кылып жатып, аталган базардын "каймагын" жегендерге чара көрүлөрүн кесе айткан.

Чоң жолдо кармалган кыргызстандык ишкер

6-июнда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевге байланыштуу окуя 2-июнда болгонун, ал тууралуу консулдукка дароо маалымат түшкөнүн "Азаттыкка" билдирди.

"Базардын юристтери, адвокат иштеп жатышат. Башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөнбүз. Маркабаевдин өзү менен жолугуу боюнча, жообун күтүп жатабыз. Иштеп жатабыз, туугандары менен жолуктук, толук маалымат алдык", - деди Арипов.

Ал ошондой эле шейшембиде сотто Маркабаевге бөгөт чарасы каралганын, учурда ага укуктук жардам берүү боюнча бардык аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Эрмек Маркабаев.
Эрмек Маркабаев.

Учурда интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тарап жатат. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага баңгизатын атайылап салып коюшканын айтууда.

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга таянып, Маркабаевди жана анын айдоочусу менен жансакчысын Алматы–Бишкек автожолунан 2-июнда кармашканын жазышкан.

3-июнда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Telegram каналына ага баңгизатын сатуу максатында мыйзамсыз алып жүргөн жана курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алган, сактап жүргөн деген мазмундагы айыптар коюлганы тууралуу маалымат чыккан.

Кийин "Алтын Орда" базарынын администрациясы полицияга таянып тараткан маалыматта курал-жарак тууралуу гана сөз болгонун билдирген.

"Базарды басып алуунун аракети көрүлүүдө"

Эркин Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлиги тушунда тарттырып жибергенин, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алганын жана жаңылоо иштерин жүргүзүп жатканын журналист Тынчтыкбек Алтымышев "Азаттыкка" билдирди.

"Эрмек Маркабаевдин Казакстанда кармалышына кыргызстандыктар тынчсызданып атышат. Ал коомдук иштерге да аралашып, кайрымдуулук иштеринде, социалдык долбоорлордо өзүн патриот, иштерман киши катары көрсөткөн. Анын кармалышы өтө күмөндүү жагдайларды жаратып атат. Анткени "Алтын орда" базарын ал өзү түптөгөн. Кийин аны рейдерлик жол менен Болат Назарбаевдерге тарттырып жиберген. Кийин сот менен мыйзамдуу түртө кайтарып алган. "Алтын Орда" негизи жайма базар болгон экен. Маркабаев аны кийин модернизациялап, бир жылдын ичинде имараттарды салып, курулуш иштерин бүтүрүп аткан киши болчу".

Алтымышев кыргыз ишкердин камакка алынышы атайылап уюштурулганын, буга коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктар гана эмес, жергиликтүүлөр да нааразылык билдирип жатканын кошумчалады.

Тынчтыкбек Алтымышев.
Тынчтыкбек Алтымышев.

"Фейсбукта казак колдонуучулардын дээрлик көпчүлүгү Маркабаевди жактап атышат. Бул иш базарды буга чейин канча жыл басып алып, пайдасын көрүп келгендердин же жаңы таасирин көрсөткүсү келгендердин эле колунан келди. Базарды басып алуу аракети көрүлүүдө. Ал үчүн биринчи Эрмек Маркабаевди жаап, зордук зомбулук көрсөтүп, базарды өздөрүнө ыйгарып алалы деген аракеттер болуп атат деген ойдомун".

Эрмек Маркабаев 2015-жылы "Замандаш" партиясынын, 2020-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн.

"Бул жер пайда көргөндөрдүн чыныгы "каймагына" айланды"

Алматынын четинде жайгашкан "Алтын Орда" базарын экс-президент Нурсултан Назарбаевдин агасы Болат Назарбаев менен байланыштырып келишет. Кандуу Январь окуясынан кийин бул базарга байланыштуу мыйзамсыздыктар утур-утур айтылып келген.

2-июнда Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов атайын текшерүүнүн жыйынтыгында “Алтын Орда” базарында 300дөн ашык мыйзамсыздык аныкталганын билдирген.

Алихан Смаилов.
Алихан Смаилов.

"Прокуратура, милиция, санитардык эпидемиологиялык жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган туруктуу мобилдик топ базардын аймагында бардык мыйзам бузуулар толугу менен жоюлганга чейин иш алып барат", - деп билдирди казак премьер-министри.

Ал эми Алматы облустук акимчилигинин маалыматына ылайык, буга чейин айрым мыйзам бузуулар жолго салынган, бирок ишкерлер тарабынан даттануулар көбөйүп, бул товарларга болгон баанын негизсиз кымбатташына себеп болууда.

Жыл башында айрым казакстандык маалымат каражаттары "Алтын Орда" базарынын мурдагы жетекчилигине эл аралык издөө жарыяланганын жазып чыгышкан. "Казинформ" агенттиги Данияр Апдигапаров, Жумадин Патов, Канат Жакаев жана Айдос Нуркалиев изделип жатканын жазды. Алар өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка барган деп шектелүүдө.

2022-жылы жазында интернетке Данияр Абдигапаровдун президент Касым-Жомарт Токаевге жолдогон видеокайрылуусу жарыяланган. Анда ал базарды рейдерлик жол менен тартып алышканын айткан.

Ал эми 6-февралда президент Касым-Жомарт Токаев аталган базардын "каймагын" жегендерге чара көрүлөрүн жана анда тартип орнотууну тапшырган.

"Бул жер пайда көргөндөрдүн чыныгы "каймагына" айланды. Муну январь айында Алматыдагы окуяда даана көрдүк. Бул башка аймактар үчүн да көйгөй. Керек болсо бул ишке укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышсын. Мен аларга эки ай убакыт берем", - деп билдирди Токаев.

Буга чейин Алматы облусунун монополияга каршы башкармалыгы Altyn Orda QazTrade LTD компаниясына карата административдик иш козгогон. Сот компаниянын «монополисттик жол менен бааларды көтөрүүдөн алган» 46 миллион теңге кирешесин конфискациялап, 1,4 миллион теңге айып салган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG