Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:45

"Убада берилгенден аз акча алдык". Европада айдоочу болуп иштеген мигранттар


Грузиялык жана өзбекстандык айдоочулар. Германия, 20-апрель, 2023-жыл
Грузиялык жана өзбекстандык айдоочулар. Германия, 20-апрель, 2023-жыл

"Акча үчүн гана эмес, ар-намысыбызды коргоп чыктык"

OpenDemocracy эл аралык медиа платформасы 5-июнда Европанын логистика тармагында иштеген постсоветтик өлкөлөрдөн чыккан айдоочулардын көйгөйлөрүнө арналган көлөмдүү материалын басып чыгарды. Маастрихт университетинин изилдөөчүсү Жулио Бенедетти апрелдин аягында грузиялык жана өзбекстандык айдоочулардын Германиядагы иш таштоосу өтөлүнө чыкканын, алар маянасын толук төлөттүрүп алууга жетишкенин жазды. Анын маалыматына караганда, польшалык консорциум жалдаган 60тан ашуун киши жарнама-жарыяларда күнүнө 80 евро убада кылынганы менен андан аз акча алганына наарызылыгын билдирип, Франкфурт шаарынын четиндеги кан жолдо топтолуп, иш таштаган. Айдоочулар айрым учурларда 10-12 сааттан иштегени менен айына бир нече жүз евро гана алган экен.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

LukMaz, AgMaz жана Imperia компанияларынан куралган консорциум 900дөй оор жүк ташуучу машиналарга ээлик кылат. Алар Ikea жана Volkswagen өңдүү компанияларды да тейлейт.

Айдоочулар менен бир нече күн өткөргөн автордун айтымында, иш таштоо башталганда, айрымдары жумуштан кетирилген. Кээ бир эмгек мигранттары – 50 грузиялык жана 11 өзбекстандык жаран ошол жерде, машиналарында жумалап түнөөгө аргасыз болгон.

Ал эми компания өкүлдөрү алар Польшанын мыйзамдарынын алкагында иш алып барганын, айдоочулар келишимдерге кол койгонун журналисттерге билдирген. Андан тышкары жатакананын баасы төмөндөтүлгөнүн айткан. Жумушчулар болсо келишимдер алар түшүнбөгөн поляк тилинде түзүлгөнүнө көңүл бурушат.

"Дем алыш күндөрүнүн акысы төлөнбөйт деген жарыя, алар үчүн акыркы тамчы болгон", - деп улантат Бенедетти.

Айдоочулардын бири, өзбекстандык Алишер аттуу киши акча үчүн гана эмес, ар-намысын коргоп чыгышканын айтып берген.

Өзбекстандык дагы бир мигрант – Шерзоддун айтымында, мурда келгендер маянасынан түрдүү документтерге, күбөлүктөргө, жатаканага деп 900 евро алып калышканын, кенедей, ашканасыз бир бөлмөдө төрт кишиден жашаганын баяндаган. Андан тышкары, жүк кечирээк жеткирилсе, чоң суммадагы айып пул салынчу.

Иш таштаган айдоочулар германиялык профосюздардын, жергиликтүү элдин жардамын, тилектештигин абдан баалашканын айтышат.

Мигранттар нидерланддык белгилүү кесиптик кошуун менен байланышкандан кийин гана кырдаал өзгөрдү.

Ошентип, компания чет өлкөлүк жумушчуларга карыз болгон 300 миң евро төлөгөндөн кийин алар тарап кетти. Кээ бирлери мекенине кайтса, башкалары Европада жаңы жумуш тапкан. Автор акция учурунда достошуп калган грузин жана өзбек айдоочулары эмоционалдуу коштошконун сүрөттөгөн.

Орус газын Өзбекстанга экспорттоо маселеси чечиле элек

The Diplomat басылмасы Казакстандын энергетика министрине шилтеме менен өлкө 2024-жылдын "күз-кыш мезгилинде" орус газынын Өзбекстанга транзити үчүн инфраструктураны берүүгө даяр болорун жазып, бул теманы талдап чыккан.

Макалада айтылгандай, ал арада тараптар газдын көлөмү жана баасы боюнча келишим түзүүгө тийиш.

Өзбекстандагы газ түтүгү
Өзбекстандагы газ түтүгү

Ташкент менен Астана өздөрү жаратылыш газын өндүрүп, экспорттогону менен өткөн кышта энергетикалык кризиске туш болуп, ички суроо-талаптын өсүшү жана Кытай менен түзүлгөн келишимдер ортосунда оңой эмес абалда турат. Мындай ою менен бөлүшкөн Кэтрин Пуц, кыйынчылыктарды негизинен инфраструктуранын эскилиги менен түшүндүрөт.

"Казак жана өзбек аткаминерлери 2022-жылдын аягында Орусия менен “газ союзу” тууралуу кептерди олуттуу кабыл албаганы менен, Орусиядан газ импорттоо идеясы жүйөлүү", - деп эсептейт журналист.

Андан ары "Газпром" Казакстан жана Өзбекстан менен кол койгон кызматташуунун жол карталары тууралуу сөз болот. Документтердин чоо-жайы белгисиз болгону менен Ташкент 1-мартта орус газын ала башташы мүмкүн деп билдирген. Бирок жаздын алгачкы күнүндө Өзбекстандын Энергетика министрлиги конкреттүү келишимдер түзүлө электигин маалымдаган. Газ Түркмөнстандан Өзбекстан жана Казакстан аймагы аркылуу Орусияга чейин жаткырылган куур менен ташылмак.

"Бирок, - деп улантат автор, - газдын артка агуусу үчүн ири инвестициялар жана жаңы компрессор станциялары зарыл болот. Февралда Астана Бухара-Орол тутүгүнүн үчүнчү линиясынын үстүнөн иш башталганын, ага болжол менен 95 миллион доллардан ашуу каражат кетерин билдирген".

Бир топ булактарга шилтеме менен, журналист Москва борборазиялык эки мамлекетти эмес, бай Кытайды газ менен камсыз кылууга дилгир деген жыйынтык жасайт.

Муну менен катар Сиан шаарындагы жолугушуулардан кийин Өзбекстандын Кытайга газ экспорту жанданары да айтылганы белгиленет.

Макаласын жыйынтыктап жатып, басылма акыркы айларда газ маселесиндеги техникалык, экономикалык жана саясий кыйынчылыктар ачыкка чыкканын, согуштун айынан алсыраган Москвага караганда Ташкенттин позициялары жакшыраак экенин жазат.

Адамдын эмделгени тууралуу маалымат глобалдык системага киргизилип турат

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму пандемия, элдин ден соолугуна туулган башка коркунучтардын алдын алуу үчүн европалык COVID-19 сертификатынын тажрыйбасын колдонуп, андай системаны калган өлкөлөргө жайылтууну көздөп жатат. 5-июнда уюмдун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус жана Еврошаркеттин саламаттык сактоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес тиешелүү келишимге кол коюшту.

Санарип күбөлүктөр системасы биримдикте пандемия маалында элдин ары-бери каттоосун жеңилдетүү үчүн тузулгөн. Андай документ коронавируска каршы эмдөөдөн кийин же ооруп айыкканда берилчү.

Франциянын BFMTV каналынын маалыматына караганда, кол коюу аземинде Гебрейсус COVID-19 пандемиясы медициналык тейлөөдө чечимдердин маанисин көргөзгөнүнө токтолду.

Бул үчүн эмдөөнүн эл аралык санарип карталары иштелип чыкмакчы. Андай глобалдык система түрдүү гуманитардык кырдаалдар түзүлгөндө, мисалы жаңжалдан, табигый кырсыктан же башка чукул кырдаалдан улам башка жерлерге агылган адамдарга чек арадан өткөндө чоң жардам берет.

Еврошаркетте киргизилген сертификаттар пандемияга каршы күрөштө гана эмес, ал маалда саякаттоого, туризмдин дымып калбашы үчүн шарт түзүп берген.

Гебрейсус болочок глобалдык система адилет жана ачык-айкын болорун, жарандардын жеке маалыматтары жана жеке жашоосунун купуялуулугу корголорун белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG