Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Жапаров ЖЭБ жана тик учак кырсыгынан жабыркап, Түркияда дарыланып жаткандардан кабар алды


Акылбек Жапаров ЖЭБ жана тик учак кырсыгынан жабыркагандардан кабар алып жаткан учуру. Адана шаары, Түркия.
Акылбек Жапаров ЖЭБ жана тик учак кырсыгынан жабыркагандардан кабар алып жаткан учуру. Адана шаары, Түркия.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында Бишкектин жылуулук электр борборундагы жана тик учак кырсыктарынан жабыркап, дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу ЖЭБдин айланасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн Медиа штаб телеграм каналы кабарлады.

ЖЭБдеги кырсыктан жабыркаган эки кызматкер, тик учак кырсыгынан жабыркаган эки аскер учурда Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында дарыланууда.

Акылбек Жапаров алардын ал-абалын билип, түрк тарап жабыркагандарга мүмкүн болгон жардамын берип жатканын белгилеп, Кыргызстанда алардын үй-бүлөсүнө жетиштүү көмөк берүүгө убада кылды.

5-февралда түркиялык басылмалар аталган оорукананын күйүк бөлүмүнүн профессору Корай Дашга шилтеме берип, “ЖЭБдеги авариядан жабыркаган бейтаптардын абалы оор экенин, дарылоо узакка созуларын” жазган. Оорукананын башкы дарыгери Мехмет Волкан Харпут тик учак кырсыгында жаракат алган эки кызматкер хирургиялык кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатканын, абалы туруктуу экенин кабарлаган.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Эки кишини дарылоону Түркияда улантуу чечими кабыл алынган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда. Жылуулук жана ысык суу калыбына келтирилген.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

Тик учак кырсыгында жана ЖЭБдеги аварияда жабыркаган кыргызстандык төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркиянын Адана шаарына жеткирилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG