Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Сот журналист Эрмек Аттокуровду үй камагына чыгарды


Эрмек Аттокуров
Эрмек Аттокуров

Бишкектин Свердлов райондук соту 10-февралда журналист, милиция кызматкерлери кармаган Эрмек Аттокуровдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу 11-февралда “Азаттыкка” журналисттин жакындары кабарлады.

Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы да ырастап, Свердлов райондук сотуна Аттокуровду үй камагына алууну Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө оор кылмыштарды тергөө боюнча тергөөчүсү өтүнүч келтиргенин билдирди. Журналистке 28-февралга чейин Бишкек шаарынан жана Сокулук районунан сыртка чыгууга чектөө коюлду.

Анын жакындары билдиргендей, Аттокуров мамлекеттик адвокатка ишенбестик көрсөтүп, баш тарткан. Өзү жактоочу алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан сот ошол эле адвокат менен ишти кароону уланткан. Отурумда журналист өзүнө коюлган айыптарды толук четке каккан.

Журналист Эрмек Аттокуров 7-февралда Фейсбуктагы баракчасына “ага каршы Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы чагымчыл иштерди даярдап жатканын” жазган. Мындан эки күндөн кийин, 9-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шектүү катары кармалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, милицияга аталган журналист башка дагы бир адам менен укук коргоо органдарынын кызматтык адамдарынан 1 миллион сом опузалап талап кылган деген маалымат түшкөн. Бул факты Чүй облустук милициясына катталып, кылмыш иши козголгон. 8-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Эрмек Аттокуров талап кылган сумманын 100 миң сомун алып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарлаган.

Эрмек Аттокуров 2023-жылдын март айында кошунасы аны үйүнөн сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү чара көрбөй жатканына даттанган. Бул иш боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге Фейсбуктагы баракчасынан кайрылып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Облустук милиция буга чейин 2023-жылдын март айында Сокулук районунун Күн-Туу айылына караштуу Строитель дачасынын тургуну кошунасы Эрмек Аттокуров “таштандыны менин үйүмдүн алдына тыштайсың” деп ур-токмокко алганын айтып арыз жазганын билдирген.

Бул иш боюнча Сокулук райондук соту былтыр Эрмек Аттокуровду күнөлүү деп таап, 30 миң сом айып салган. Ал бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылып, облустук сот тараптардын жарашуусуна байланыштуу ишти кыскарткан.

Аттокуров кайра кошунасына каршы арыз жазып Сокулук райондук ички иштер бөлүмү ишти тергеген. Ага үч жолу соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын денесинде табылган жаракаттар “иштин жагдайына туура келбейт” деп чыгарылган жана кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бул окуяга байланыштуу журналист облустук жана райондук милицияны айыптап келаткан.

Эрмек Аттокуров соңку жылдары өлкөдөгү “Бешинчи канал”, НТС баштаган бир катар жергиликтүү медиаларда эмгектенип келген. Кесиптештеринин маалыматына караганда, ал 2020-жылдан кийин өз алдынча иштеп жүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG