Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Путин шайлоо алдындагы дебатка катышуудан бул жолу да баш тартты


Орусия.
Орусия.

Орусияда бешинчи президенттик мөөнөткө аттанган Владимир Путин шайлоо алдындагы дебатка катышуудан бул жолу да баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясынын 13-февралдагы маалыматына караганда, Путиндин шайлоо штабынан ал атайын дебат үчүн бөлүнүүчү бекер теле жана радиоэфирден баш тартканы тууралуу билдирүү түштү.

Өлкө президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путинди актап, анын талкуудан баш тартышына башка талапкерлерден “кардиналдуу түрдө” айырмалап турган “өтө чукул иш тартиби” себеп экенин айтты.

Бир да жолу дебатка катышпай келе жаткан Путин дайым улам бир себепти айтып келет. Бир жылдары ал атаандаштар менен дебатка чыгууну кызыксыз, маанисиз, уятсыз иш деп атаган. Ал эми Песков Путин менен теңтайлаша турган атаандаш али пайда боло электигин билдирген.

Президенттик шайлоо Орусияда 15-17-март күндөрү өтөт, талапкер болуп катталуу үчүн кол топтоо 31 январда аяктайт.

Путинден башка талапкерлер – Владислав Даванков ("Новые люди"), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) федералдык мамлекеттик беш ТВ канал жана үч радиостанция аркылуу түз эфирде дебатка чыгышат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG