Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында чыккан өрттөн жети айлык эркек бала чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
"20-февралда түшкө жуук Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында турак үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгү тартылып, түшкү саат бирден өткөндө тилсиз жоо толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 2023-жылдын июнь айында төрөлгөн наристе каза болду", - деп билдирди министрлик.
Жалпы аянты 44,5 чарчы метрге жеткен өрттүн кесепетинен үч даана эшик, бир даана жылыткыч, сегиз даана торсун, 10 даана айырмач (страпила), 20 даана гипсокартон, сегиз даана шифер жарактан чыккан.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан өрт боюнча маалымат катталганын билдиришти.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.
ӨКМдин маалыматында өткөн жылдын 11 айында Кыргызстанда 3116 өрт кырсыгы катталып, 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келген. (JsA)