Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 13-айлампасын кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Евробиримдик Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш жарыялагандан берки Москвага каршы санкциялардын 13-айлампасын кабыл алды. “Кара тизмеге” 106 киши жана 88 компания кирди. Алардын арасында Кытайдын, Индиянын, Казакстандын, Сербиянын, Түркиянын, Таиланддын жана Шри-Ланканын ишканалары бар.

Андан тышкары орус базарына алып киргенге жана Орусиядан импорттоого тыюу салынган товарлардын тизмеси кеңейди.

Маалыматка караганда, жаңы чектөөлөр дрон чыгарууну жана “Орусиянын өндүрүш потенциалын” токтотууга багытталган.

Жаңы санкциялар 24-февралда киргизилери айтылды. Эки жыл мурда бул күнү Орусия Украинага согуш ачып, бастырып кирген.

“Биз Орусиянын аскердик машинасын токтотуп, Украинага өзүн, көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча мыйзамдуу күрөшүнө жардам берүү үчүн чечкиндүү чечим кабыл алууда биримдигибизди сактайбыз”,- деди шаркеттин башкы дипломаты Жозеп Боррел.

Евробиримдиктин эсебинде жаңы санкциялардын кесепти 2 миңдей адамга жана компанияга тиет. Согуштун эки жылдыгын утурлай Орусияга каршы санкцияларды башка мамлекеттер да киргизери күтүлүүдө. АКШ мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Вашингтон “жүздөгөн” чектөөлөрдөн турган санкцияларды даярдап жатат.

Буга чейин санкцияларга карабай Орусиянын экономикасы туруктуулукту сактап, 2023-жылы өсүш болгону белгиленген. Айрым эксперттер Орусиянын экономикасы аскердик өндүрүштүн эсебинен жогорулап жатканын айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG