Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

“Эркечтам” бажы бекетине көмүр базасын куруу үчүн жер бөлүндү


Акылбек Жапаров жана Ма Синжуй.
Акылбек Жапаров жана Ма Синжуй.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кашкар шаарында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушууда “Эркечтам” бажы бекетине көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров мындан тышкары, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Бедел жаңы өткөрмө пункттун ачуу демилгеси тууралуу сөз кылып, ал ишке ашса Кытайдын Борбор Азия мамлекеттерине жана андан тышкары өлкөлөргө ташыган жүгү көбөйө турганын айтты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча маалымат берип, Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрүү пунктун ачуу тууралуу сүйлөшүү болгонун кабарлаган.

Кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар. 1-марттан тарта алар күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өттү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG