Кыргызгидромет кызматы 13-15-март аралыгында аба ырайы кайрадан кескин өзгөрүп, жамгыр, кар жаай турганын эскертти. Жолдор тайгак болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордогу жолдордо 10-13-март күндөрү кар күрткү жана кар көчкү коркунучу бар экенин маалымдады.
12-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт деп кабарлады.
Жалал-Абаддын кээ бир жерлеринде катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5°.
Бишкек шаарында түнкүсүн 3…5, күндүз 16…18°.
Facebook шеринеси