Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

УКМК кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннель табылганын билдирди


 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитет (УКМК) тапкан тоннель.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитет (УКМК) тапкан тоннель.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 20-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үйлөрдүн биринен аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылганын билдирди.

Атайын кызматтан маалыматына ылайык, тоннель адамдардын өтүшүнө да ылайыкталып салынган.

Жер астындагы жашыруун жол Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган. Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди түзөт. Кыргызстандын чек арасына чейинки узундугу 50 метр, бийиктиги 1 метр 70 см болот.

Аткезчилик жолду уюштурган деген шек менен 38 жаштагы адам кармалды. УКМК тоннелди уюштурууга катыштыгы бар башка да адамдарды, Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн кишилерди аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

2023-жылдын май айында Өзбекстанда Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуу максатында жер астынан жол казган деп айыпталган онго жакын өзбек жараны соттолгон.

Буга чейин Ош облусунда да ушундай эле тоннелдер табылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG