Казакстандын Байкоңур космодромунан Эл аралык космос станциясына «Союз МС-25» космостук кемеси менен «Союз-2.1а» ракетасы учууга бир нече секунд калганда токтотулган. Космос кораблин учуруу Роскосмостун YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлгөн.
Кеменин учушу 21-мартта Москва убактысы боюнча 16:21ге белгиленген болчу. Бир нече мүнөт калганда видеодогу диктор кеме учпай калганын айткан.
"Союздун" бортунда орус космонавты Олег Новицкий, беларус Марина Василевская жана америкалык астронавт Трейси Дайсон болгон.
Василевская Беларустун тарыхында биринчи аял космонавт болмок. Новицкий экөө 2-апрелде жерге кайтып келишмек.
НАСАнын Миссияны башкаруу борбору экипаж менен байланышканы кабарланды.
Космодромдогу окуяга күбө болгон блогер Илья Овчинников Telegram баракчасына кеменин кыймылдаткычтары авариялык түрдө өчүрүлгөнүн билдирди. Ал эми НАСА каналы кыймылдаткычтар өз убагында иштебей калганын кабарлады.
Кийинки учуу убактысы 23-мартка пландалганы кабарланды. Роскосмостун тарыхында космос кемеси саналуу мүнөт калганда учпай калган биринчи учур болду. (AiA)