Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия "согуш абалында" экенин белгилеп, Москва үчүн эң башкысы Украинадагы орус күчтөрү убактылуу оккупациялап алган төрт облустун аймагын ээлеп калуу экенин айтты.
Расмий түрдө Орусиянын президенти Владимир Путин жана башка мамлекеттик аткаминерлер орус күчтөрүнүн Украинага басып киргенин "атайын аскердик операция” деп атап келишет. “Согуш” деп атагандар "армияны каралоо" беренеси менен айыпка жыгылганы кабарланган болчу.
Песков «Аргументы и факты» гезитине берген маегинде мындай деген:
«Ооба, бул атайын аскердик операция катары башталган, бирок топ түзүлүп, ага Батыш Украина тарапта болуп кошулганда биз үчүн согушка айланды. Муну ынанымдуу айтам». Ал ошондой эле орус жарандары муну «өзүнүн ички мобилизациясы үчүн» билиши зарыл экенинн кошумчалады.
Песков маегинде бул пикирин өз атынан же Путиндин атынан сүйлөп жатканын тактаган жок. Кийинчерээк ал «укуктук өзгөрүүлөр» тууралуу айтпаганын, "де-юре" аскердик операция жөнүндө сөз болгонун, бирок ушул тапта ал согушка айланып кеткенин белгиледи. Орусиянын мыйзамында "атайын аскердик операция" деген түшүнүк жок.
Кремлдин басма сөз катчысы орус президентине шилтеме берип, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын бардык аймагын басып алуу зарыл болгонун белгилеп, учурда бул аймактарды "Киев режими оккупациялап турганын" айтты. Орусия өз чек араларында «Крымды тартып алууну» көздөгөн "мамлекеттин болушуна жол бере албай турганын" кошумчалады.
Ушул эле маегинде Песков Орусия чет өлкөгө чыгып кетип, “өз өлкөсүнүнө кас болгон” орус жарандарын “күтпөй турганын”, эгер алар орус армиясына каршы колуна курал-жарак алып согуша турган болсо "жок кылынарын" айтты. Буга чейин Путин Орусиядан чыгып кеткендерди “саткындар” деп атаган.
Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24-февралда туура эки жыл болду. Орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. (AiA)