Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип, 22-март саат 16:12де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.
Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга (Кум айылынан 2 чакырым түндүк батышта, Жыл-Кол айылынан 4 чакырым түштүк чыгышта, Кызыл-Жар айылынан 4 чакырым түндүк чыгышта, Шамалды-Сай шаарынан 6 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
22-март саат 9:47де Тажикстандын аймагындагы очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) 3 баллга чейин сезилген.
Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген. 23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган. (BTo)