Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Түркмөнстан: айрым студенттерге жана окуучуларга орозо кармоого тыюу салынды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн облустарынын бириндеги орто мектептердин окуучулары менен жогорку окуу жайлардын студенттерине орозо кармоого тыюу салынганын жазды. Билим берүү кызматкерлери окуучулар "ачка болуп, эстен танып калышы мүмкүн" деп түшүндүргөн.

Маалыматка караганда, мындай тыюу киргенден кийин апта башында айрым студенттер оозун ачууга мажбур болгон. "Азаттыктын" түркмөн кызматы студенттер орозо кармоого тыюу салуу менен бийлик алардын дин тутуу эркиндигине шек келтирип жатканын айтып, нааразычылык жарыялаганын кабарлады.

Орозо башталганы түркмөн бийлиги өлкөнүн ар кайсы аймактарында карама-каршы чектөөлөрдү жана талаптарды киргизүүдө.

Буга чейин Ашхабадда коопсуздук кызматкерлери «ашыкча динчил» адамдарды издегени кабарланган. Текшерүүлөр мечиттерде жүргүзүлгөн.

Лебап облусунун жергиликтүү бийлиги мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, аларды экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдон үлгү алып, орозо кармоого үндөгөн.

Түркмөнстан көп жылдардан бери АКШнын Мамлекеттик департаментинин тизмесинде дин тутуу эркиндиги өзгөчө тынчсыздандыруу жараткан өлкөлөрдүн катарында турат. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG