Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Орусияда акын Александр Бывшев жети жылга соттолду


Акын Александр Бывшев.
Акын Александр Бывшев.

Москва шаарынын аскердик соту акын Александр Бывшевди "террорчулукка чакырып, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деп таап, жети жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу "Свобода" радиосу «ОВД-Инфо» укук коргоо долбооруна шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, акындын камалышына «Сенин орусиялык Штауффенбергиң кайда?» деген сап менен аяктаган согушка каршы ыры себеп болгон.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 1944-жылы жайында Гитлерге каршы ишке ашпай калган кол салуу аракетинин катышуучусу, вермахттын полковниги Клаус Шенк фон Штауффенбергдин атын ыр саптарына кошуу менен автор Орусиянын президенти Владимир Путинди "өлтүрүүгө чакырган".

Бывшев көп жылдар бою мектепте мугалим болуп иштеген. 2015-жылдан тарта ал "антиорусиялык ырларды" жарыялаганы жана социалдык тармактарда Украинаны колдогону үчүн бир нече жолу камакка алынып, кара жумушка мажбурланган.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24-февралда туура эки жыл болду. Орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.

Орусия муну "атайын аскердик операция" деп атап келет.(AiA)

XS
SM
MD
LG