Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Элчилик Шереметьеводо кармалып турган кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди


Орусиянын "Шереметьево" аба майданы, 24-март, 2024-жыл.
Орусиянын "Шереметьево" аба майданы, 24-март, 2024-жыл.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги “Шереметьево” аба майданында кармалып турган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты.

"Алар буга чейин Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн бул өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду. Жакынкы рейс менен кайра Кыргызстанга кайтарылат", - деп жазылган маалыматта.

24-мартта Орусиянын аба майдандарында Кыргызстандан учуп барган мигранттар эки күндөн бери эч жакка чыгарылбай кармалып турганы кабарланган. "Азаттыкка" кармалгандардын бири Орусияга биринчи жолу келген жарандар да бар экенин айтып берген.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.

Окуяга байланыштуу Орусиянын күч түзүмдөрү өлкө аймагында коопсуздук чараларын күчөткөн. Мындан улам мигранттарды да текшерүүлөр күчөйт деген кооптонуулар айтылган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG