Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.
Анын сөзүнө караганда, комиссия 22-мартта ишин жыйынтыктап, анда ЖЭБдеги кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянакка келген.
ЖЭБдеги кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген.
2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.
Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.
ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатышат.
Өткөн аптада жабыркаган кызматкерлердин бири дары-дармекке акча бөлүнгөнүн, бирок кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. (BTo)