Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

Орусияда тажик жараны "терактты актаган" деген шек менен кармалды


Орусияда Тажикстандын жараны «Крокус Сити» борборундагы «террордук чабуулду актаганы үчүн» деген шек менен кармалганын 28-мартта «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Astra Телеграм-каналынын маалыматына караганда, 26 жаштагы Баходур Зухуров 27-мартта Санкт-Петербург шаарында колго түшүрүлдү, Тергөө комитети жарыялаган видеодо ал «экинчи кайталанбайт» деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Ал Телеграм-каналдардын бирине «Крокус Ситидеги» окуя тууралуу видео менен кошо террордук чабуулду «актаган белгилер камтылган» комментарий жарыялаган деп шектелүүдө. Эгер тагылып жаткан айып сотто колдоо тапса ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG