Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Польша украин даны үчүн чек арасын убактылуу ачууга макул болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Польша Украинанын данын өткөрүү үчүн чек арасын убактылуу ачууга макул болгонун бүгүн 28-мартта украин тарап билдирди. Өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Варшавада өкмөт аралык сүйлөшүү өттү, жыйынтыгында кабыл алынган чечимге ылайык, "Угринов-Долгобичев" өткөрмө бекети аркылуу оор жүк ташуучу 120 машина өткөрүлмөй болду.

Чек ара бекети Украинанын дан импорту үчүн 2-апрелге чейин ачык болору маалымдалды.

Польшанын жана Украинанын өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү алты саат уланганы, соңку мунаса, бирок, жалпы маселени чечпей турганы белгиленди.

Украина эгин сатуу жагынан дүйнөдө экинчи орунда турган өлкө болчу. Негизинен өндүргөн данын Кара деңиздеги порттору, темир жол жана авто жол аркылуу экспортточу. 2022-жылы Орусиянын агрессиясына кабылгандан бери порттору, жолдору талкаланып, коопсуздук мурдагыдай болбой калгандыктан экспорттук мүмкүнчүлүгү чектелди. Европа өлкөлөрү Украинага жардам иретинде анын дан эгинин жеңилдетилген шартта сатып алууга макул болгон. Бирок кийин мындай чара ал өлкөлөрдүн ичинде нааразылык жаратып, жергиликтүү фермерлер украиндердин арзан эгини бааны түшүрүп жатканын, эмгеги акталбай калганын айтып, чек арадагы жолдорду жаба башташкан. Кээ бир жерлерде белгисиз бирөөлөр украиналык оор жүк ташуучу машиналарга жана темир жол вагондоруна жүктөлгөн данды сыртка чачып кетишкен.

Дыйкандардын акциялары Польшада, Бельгияда, Германияда, Францияда, Румынияда өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG