Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

Министрлик Нарында брюссель капустасын айдоону сунуштады


Брюссель капустасы.
Брюссель капустасы.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Нарындагы дыйкандарга быйыл брюссель капустасын айдоону сунуштады. Аталган министрликтен кабарлашкандай, 28-мартта дыйкан-фермерлерге өсүмдүктөрдү өстүрүүгө байланыштуу онлайн семинар өткөрүлдү.

“Семинарда башка өлкөлөрдө суроо талап көбөйүп жаткан түстүү капуста (цветная капуста), брокколи, брюссель капустасын (брюссельская капуста) жана жашыл буурчакты (стручковая фасоль) Кыргызстанда туура эгип өстүрүү, чет өлкөлөргө экспорттоо, анын кирешелүү жолдору жана пайдасы тууралуу маалымат берилди. Нарын облусу брюссель капустасын өстүрүүгө абдан ыңгайлуу экени айтылды. Бул жашылча негизинен аба ырайы катаал Бельгияда гана өстүрүлөт жана беш-алты айда бышат”, - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин министр Бакыт Төрөбаев быйыл дыйкандарга буудай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүп, картошка менен пахтанын эгилген аянттарын азайтуу сунушталып жатканын билдирген.

Айрым адистер Ысык-Көл облусунда картошка айдоону азайтып, кызылча эгүүгө басым жасалса, аймактын экологиясына кесепетин тийгизерин эскерткен.

Былтыр Ысык-Көл менен Нарында картошканын түшүмү мол болгону менен баасы түшүп кетип дыйкандардын мээнети акталбай калган. Буга окшогон маселе негизинен жылда орун алат, ага чейин дыйкандар пияз, сабиз, капустадан пайда таппай калган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG