Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Орусия: маңзат соодасына аралашкан кыргызстандыктар маселеси талкууланды


Өткөн айда Челябинск шаарында борборазиялык жарандардан турган, баңгизат сатууга шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.
Өткөн айда Челябинск шаарында борборазиялык жарандардан турган, баңгизат сатууга шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Ички иштер министрлигинин бул өлкөдөгү өкүлчүлүгү маңзат соодасына аралашып жаткан кыргыз жарандарынын маселесине байланыштуу 29-мартта онлайн жыйын өткөрдү. Ага Орусиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери жана кыргыз диспораларынын башчылары катышты.

“Жолугушууда Орусиянын ИИМнин өкүлдөрү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чаралар, кыргызстандыктар жасаган кылмыштардын статистикасы жана башка кызыктырган маселелер тууралуу маалымат берди. Бул жаатта пикир алмашуу болуп, кылмыштын алдын алуу үчүн маалымдамаларды, видеоматериалдарды даярдоо, кызматташууну күчөтүү өңдүү сунуштар айтылды”, - деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда орус полициясы Челябинск шаарында “Легалдуу эмес мигрант” деп аталган операциянын алкагында Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарынан турган, баңгизат сатууга шек саналган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Анын алкагында 24 адам камалганы белгилүү болгон.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Орусияда маңзат соодасына шек саналып кармалган кыргыз жарандарынын маселеси бир канча жолу көтөрүлгөн.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда (1167) экенин билдирген.

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизатка байланыштуу айыпталгандар. Расмий маалыматка ылайык, бул өлкөдө мыйзамсыз маңзат ташууга байланыштуу 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген.

ТИМдин өкүлдөрүнүн маалымдашынча, былтыр орус абактарынан 73 кыргызстандык мекенине экстрадицияланган жана дагы 40ка чукулу которуу алдында турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG