Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

"Чет элдик өкүл": Президенттин убадасы, бейөкмөт уюмдардын санаасы


Садыр Жапаров кол койгон мыйзам
Садыр Жапаров кол койгон мыйзам

Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон талаштуу "Чет элдик өкүл" мыйзамына кайрадан түшүндүрмө берип, бейөкмөт уюмдарга "куугунтук болбойт" деп убада кылды. Президент бейөкмөт уюмдарды "расмий каттоодон өтпөй, отчет бербей келген" деп айыптаганы үчүн жарандык коом "маалымат бурмаланды" деп сындаган эле.

7-апрелде Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, "Чет элдик өкүл" мыйзамы тууралуу буга чейинки сөздөрүнө түшүндүрмө берди. Президент "өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт" деп кайталады.

Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же коомчулукта "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгондон кийин Фейсбукка билдирүү жазган. Анда эч кимге куугунтук болбой турганына кепилдик берерин белгилеп, бейөкмөт уюмдарды буга чейин "Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй, отчет бербей келген" деп айыптаган.

Жапаровдун бул сөзүн жарандык коом кызуу талкуулап, активисттер өлкө жетекчилигин "маалыматты бурмалады" деп сындап чыккан. Алардын айрымдары "каттоодо турбаган, салык төлөбөгөн" уюмдардын тизмесин көрсөтүүнү дагы талап кылган. Президент дагы бир ирет бул мыйзамга түшүндүрмө берип, мурдагы айткандарын кайрадан чечмеледи.

"Сырттан алган каражат конкреттүү түрдө кайсыл максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек деп айтылды. Менин соцтармактагы сөзүм ушунун алкагында айтылды. Аны өкмөттүк эмес уюмдардын бардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Анан кычыктанып «биз катталганбыз» деп атышпайбы. Айтсынчы, кимиси «чет элдик өкүл» деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Мен ошону айттым", - деди Жапаров.

Жапаров Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен ишмердик жүргүзөрүн белгилеген.

"Ошолор кайра каттоодон өтүшөт. «Чет элдик өкүлдөр» боюнча өзүнчө реестр болот. Болгону эле ошол. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе, ошондой эле иштей беришет. Эч кандай куугунтук болбойт деп кепилдик берем дедим. Дагы кайталайм, биз аларды куугунтуктайлы деген жерибиз жок. Болгону ачык болсун деп атабыз. Эл билсин деп жатабыз кимиси чет өлкөлөрдөн каржыланып атканын. Ошондой эле уставында эмнелерди көрсөтсө, ошолор боюнча иш алып барсын деп жатабыз. Мунун эмнеси жаман?" - деп суроо салган Жапаров.

Мамлекет башчы саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо, анда партияларга кошулушу керектигин же жаңы партия ачып алып, иш жүргүзүшү зарыл экенин айтты. Мыйзам кабыл алынгандыктан, ага баш ийип иштөөгө чакырды.

30 жылга жакын адам укуктарын коргоо, өзгөчө кыйноолордун алдын алуу, абактардагы шарттарды жакшыртуу, аскерлердин укугун коргоо багытында иш жүргүзүп келаткан "Кылым шамы" борборунун мурдагы жетекчиси Азиза Абдирасулова президенттин айткандарына комментарий берди:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Мыйзамда "Чет элдик өкүл" деген түшүнүк, ченем жана жобо буга чейин жок болчу. Мыйзамда жок болгондон кийин кантип андай каттоодон өтмөк элек. Экинчиден, Кыргызстанда иштеген бейөкмөт уюмдар, анын ичинен мен жетектеген "Кылым шамы" уюму эч убакта чет эл үчүн иштеген эмеспиз. Биз Кыргызстан үчүн, Кыргызстандын жарандарынын укугу деп иштегенбиз. Чет өлкөдөн акча алган деген аргумент эмес. Бул кандай аткарыла турганын түшүнө албай жатам. Бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөткөн донор уюмдар бир же эки эле мамлекет эмес, ондогон мамлекеттер да. Мисалы, бир уюмдан колдоо тапса, ал долбоор бир жылда бүтүп, башка уюмдан колдоо алса, анда кайсыл чет элдин өкүлү болуп эсептелет? Биздин уюм Норвегиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Адам укуктары боюнча Хельсинки фондунан", АКШнын Конгрессине караган "Демократияны колдоо боюнча улуттук фондунан" колдоо алсак, биз кимдин өкүлүбүз деп каттоодон өтөбүз? Бирок ал уюмдар биздин өкүл деп "Кылым шамын" кабыл алабы бир жылдык колдоо көрсөткөнү үчүн? Ким аткарат, кандай кылып аткарат - мыйзамдын аткарылышынын өзү түшүнүксүз болууда".

Абдирасулова милицияны, сот органдарын реформалоого, таза суу жеткирүүгө, экологияны, саламаттык сактоону жакшыртууга алынган насыянын эсеби жана жумшалышы боюнча так отчеттер жок экенин белгиледи. Укук коргоочунун баамында, бир топ уюмдар мыйзам иштей баштагандан кийин өзүнүн атын булгабоо үчүн жабылууга мажбур болот.

"Бизди эмнеге жок кылгысы келет, биз ошолорду сурайбыз. Келген акчаны эмне кылып жатасыңар деп сурайбыз. Эмнеге Кыргызстандын карызы жылдан жылга көбөйүп жатат?" - деди Абдирасулова.

Президент Жапаров кол койгон “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзамга ылайык:

  • Чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.
  • “Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.
  • Илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.
  • “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.
  • Мыйзамга ылайык, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз болушу мүмкүн.
  • Башында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин үч жылдан беш жылга чейин деп кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алып салынган.


Адам укугу, сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар кыргыз президенти Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырган. АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери тынчсыздануусун билдирген.

Эми президент мыйзамга кол койгон соң эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө өкүнүчүн билдирип жатат. БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын өкүлү Жереми Лоуренс Кыргызстанда күчүнө кирген мыйзам көптөгөн бейөкмөт уюмдардын ишине олуттуу коркунуч жаратарына, жарандардын оюн ачык айтуу, эркин, тынч чогулуу жана коомдук иштерге катышуу укугун бузарына тынчсыздануусун айткан.

"Президент Садыр Жапаров "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамга кол койду. Бул бийликке жалпы коммерциялык эмес уюмдарга кеңири көзөмөл кылууга шарт түзөт, "саясий ишмердик" менен алектенген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарды "чет элдик өкүл" катары каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Бул талапты аткарбоо алардын ишмердигин алты айга чейин токтотууга жана андан ары жоюлушуна алып келет. Анткени Кыргызстанда иштеген бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү чет элдик жана эл аралык донорлордон кайтарымсыз гранттарды алат. Бул мыйзамдан улам бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү "чет элдик өкүл" деп жаман атты болуудан, ошол эле учурда бийликтин ээн-эркин текшерүүлөрүнөн жана жыл сайын аудитордук текшерүүлөр үчүн акы төлөөдөн качуу үчүн ишин токтотууга мажбур болушу мүмкүн", - деп билдирди Лоуренс.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International укук коргоо уюмунун Чыгыш Европа, Борбор Азия боюнча регионалдык директору Мари Стразерс “Азаттыкка” курган маегинде “Чет элдик өкүл” деген атка конгон мыйзам башка өлкөлөрдөн каражат алган бейөкмөт уюмдарды жаманатты кылууга жол ачарын айткан.


"Жашыл Альянс" бирикмесинин төрагасы Арстан Кадыров бийликке жакпаган сунуштар "саясатка аралашуу катары" сыпатталып калышы ыктымал деп тынчсызданууда:

Арстан Кадыров
Арстан Кадыров

"Саясатка аралашпаш керек деген чектөө болуп жатпайбы. Экология боюнча иштеген уюмдар бир жерде таштанды маселеси чечилбей жатса, айлана чөйрөнү сактоо боюнча мыйзам толук иштебей жатса, ошону көтөрүп, айтып чыкканга туура келет. Муну саясатка кийлигишүү деп, ишмердигин чектеп коюшу мүмкүн да. Ушундай коркунуч бар. Системасы кандай иштейт, кандай каттоодон өтүш керек, кандай кадамдар жасалышы керек - азырынча белгисиз. Мыйзамды аткаруу механизмдери үчүн ченемдик-укуктук актылар кабыл алынышы керек. Азыр эмне чектөөлөр кирери, ал кандай иштээри, саясатка тийгизе турган таасири кантип аныкталары так болбой жатат. Экологиялык маселелерди чечиш үчүн баары бир бийликке кайрылышат. Бул кайрылуу саясатка кийлигишүү болобу, жокпу, түшүнүксүз".

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, бир айдын ичинде Министрлер кабинети өз чечимдерин мыйзамга ылайыкташ керек.

"Бул мыйзамда чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү жана уюмдардын уставдык багыттарында ишмердиги жөнүндө анык түшүндүрмө киргизилип, кайсыл иштер менен алектенери дагы каралды. Юстиция министрлиги дагы өзүнчө жобо жана тартип иштеп чыгуусу керек. Буга чейин чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү өзүнчө катталбай келсе, мындан ары Юстиция министрлигинде өзүнчө реестрде катталып, жүргүзүлөт. Ал каттоонун тартибин министрлик иштеп чыгып, коомдук талкуу менен бекитилет. Ал жерде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучулары, жетекчиси, алардын даректери жана башка тийиштүү маалыматтар камтылат".

Кыргызстанда жарандык коомго сокку урчу бул мыйзам соңку алты-жети жылдан бери талкууланып келди эле, быйыл кабыл алынды. Тагыраагы, Орусияда бул мыйзам кабыл алынган 2012-жылдан тарта эле бийликке жакын депутаттар дал ушундай мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп келишкен. А түгүл Кыргызстанда мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда "Адилет" укуктук клиникасы буга чейин депутат Надира Нарматова жазган бул мыйзам долбооруна анализ кылып, 98% Орусияныкынан көчүрүлгөнүн тактап чыккан эле.

Эми мындай мыйзамдарды кабыл алуу аракети учурда бийлиги Орусияга жакын Грузия менен Сербияда жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG