Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Акылбек Жапаров казак премьер-министри Олжас Бектенов менен кызматташтыкты талкуулады


Олжас Бектенов жана Акылбек Жапаров. 9-апрель, 2024. Бишкек.
Олжас Бектенов жана Акылбек Жапаров. 9-апрель, 2024. Бишкек.

Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү былтыр 1 млрд 317 млн долларды түздү. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 9-апрелдеги сүйлөшүүсү маалында белгилүү болду. Бектенов жумушчу сапары менен ушул күнү Бишкекке келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Тараптардын жолугушуусу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кеңейтилген курамда өттү.

Анда Жапаров эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин, 2023-жылы өз ара сооданын көлөмү 1 млрд 317 млн долларды түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 11,6 пайызга өскөнүн белгиледи. Экспорт 455,7 млн долларды (өсүү 10,9%), импорт 862,2 млн долларды (өсүү 11,9%) түзгөнүн маалымдады.

“Эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташуунун жаңы артыкчылыктуу багыттарын издөөнү жана өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү иштерин улантууну зарыл деп эсептейм”, - деди Жапаров.

Бектенов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык өнүгүп жатканын белгиледи.

Олжас Бектенов 6-февралда Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган. Бул анын өкмөт башчы катары Кыргызстанга алгачкы сапары.

Мунун алдында, 8-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев апрель айынын соңунда президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга бара турганын парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирген.

XS
SM
MD
LG