Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Мамкурулуш агенттиги курулуш объектилеринин коопсуздугун күчөтүү талабын койду


Бишкекте салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Архив.
Бишкекте салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Архив.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бардык курулуш компанияларына 1-майга чейин куруп жаткан объектилеринин коопсуздугун бекемдөө талабын койду. Мындай маалымат мекеменин сайтына 12-апрелде жарыяланды.

Анда айтылгандай, курулуш жүрүп жаткан жерлер жана объектилер Кыргызстандын “Курулуштагы эмгек коопсуздугу” деп аталган курулуш ченемдериндеги талаптарга ылайык келтирилиши керек. Бул документте курулуш аймактарына жакын жерде жарандардын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары адамдар өтө турган жерлердин үстү толугу менен жабылышы шарт, ал эми курулуштун фасады торчосу 5х5 миллиметрден ашпаган тор менен жабылышы керек.

Курулуш агенттиги курулуш компаниялары курулуш ченемдеринин талаптарын аткарбаса, ага айып салынып, компаниянын ишине комиссиялык текшерүү жүргүзүлөрүн эскертти.

Мунун алдында Peshcom жарандык демилгеси Бишкектеги "Нарын" ресторанынын ордуна салынып жаткан 37-кабаттуу бизнес-борбордун курулушу тууралуу дрондон тартылган кадрларды жарыялап, анда ал жердин тегерегиндеги тротуар жабык экенин, курулуш иштери токтоп турганын жазган.

Курулуш агенттиги Кыргызстанда 224 объект уруксатсыз курулганын, эми мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөрүн 18-декабрда билдирген. Андан кийин мекеме сот органдарына өткөрүп берген курулуш компанияларынын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялап, жарандарды бул жайлардан турак жай сатып албай турууга чакырган.

Быйыл март айында Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө да маселе жаралган. Мэрия имарат салынган жер бизнес борбор куруу үчүн ижарага берилгенин белгилеп, ал жерде жашаган тургундардан 1-мартка чейин имаратты бошотууну талап кылган. Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан. 1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулган.

Бишкек мэриясы ал жерден батир алып алданып калган жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компаниясы аркылуу турак жай алууга жардам бериле турганын билдирген.

Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG