Жогорку Кеңештин абалы кандай?
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы беш жылдык мөөнөтүнүн жарымынан көбүн басып өттү. Бул маалда парламенттин эркин сынаган бир катар саясий окуялар болуп, талаштуу мыйзамдар кабыл алынды. Ал окуяларда парламент пассивдүү болуп, көпчүлүк учурда аткаруу бийлигинин көзүн карап калды деген сынга кабылды. Кыргызстанда президенттик системада парламент мыйзам чыгаруу функциясын аткарып жатканын белгилегендер бар. Бир учурда парламентаризмди курууга аракет кылган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө Кыргызстандын азыркы Жогорку Кеңеши кандай абалда? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Абакиров, Акбөкөн Таштанбеков, укук коргоочу, юрист Таттыбүбү Эргешбаева жана публицист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев катышат.
Чыгарылыштар
-
Август 21, 2026Украина: Борбор Азиядан 13 миңдей киши орус армиясында жүрөт
-
Август 21, 2026Курултай: 145 депутат партиялык тизме менен шайланат
-
Август 20, 2026Киев Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылды
-
Август 20, 2026Cоциал-демократтардын абак мөөнөтү эки айга узарды
-
Август 19, 2026Украина: Экс-министр Федоров Зеленскийди шайлоого чакырды
-
Август 17, 2026Москва облусунда Wildberries'тин дагы бир кампасы өрттөндү