Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Прокуратура Тукуновго тандалган бөгөт чарасына каршы облустук сотко арызданды


Акжолтой Тукунов.
Акжолтой Тукунов.

Чүйдүн Аламүдүн райондук прокуратурасы Акжолтой Тукуновдун айыпталуучу катары кармалганын мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен бошоткон Аламүдүн райондук сотунун токтомуна каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берди.

Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, прокуратура Акжолтой Тукуновдун облустук сотко шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүп, аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча өтүнүч берди. Соттук отурум качан болору азырынча белгисиз.

Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновду 17-апрелде кармаган. Чүй облустук милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылганын, шектүү Фейсбукта коомчулукту массалык башаламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жатканы аныкталганын билдирген.

Аламүдүн райондук соту 19-апрелде Акжолтой Тукуновду эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотуп, анын кармалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан.

Милиция Акжолтой Тукуновго коюлган айып оор кылмыштырдан катарына кирерин, ага карабай сот аны эркиндикке коё бергенин кабарлады.

Акжолтой Тукуновдун адвокаты Умар Молдобеков ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголуп, кийин “Массалык башаламандыктар” беренесине алмаштырылганын айткан жана коюлган айыпты четке каккан.

Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал Фейсбуктагы баракчасында коомдо талкуу жараткан ар кандай постторду жарыялап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG