Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Жусуповдун ордуна келген депутат Советбек Рустамбек уулу ант берди


Советбек Рустамбек уулу
Советбек Рустамбек уулу

Мандатын тапшырган Эмилбек Жусуповдун ордуна келген жаңы депутат Советбек Рустамбек уулу Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында ант берип, ишке киришти.

Парламент депутаты Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу арызын 20-апрелде жазганы кабарланган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-апрелде Жусуповдун өзү жазган арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Анын бошогон мандаты "Ишеним" партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер - Советбек Рустамбек уулуна өткөрүп берилген.

Буга чейин ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат азыр ал ишканага тиешеси жок экенин билдирген. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмакомдогу” курулуш чырын териштирген.

2023-жылы ноябрь айында “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси, Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG