Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Кылмыштуу топко тиешеси бар деп шектелген жаран кармалды


Шектүүгө таандык делген мүлктөрдүн айрымдары. Сүрөт УКМКга таандык. 10-май, 2024-жыл.
Шектүүгө таандык делген мүлктөрдүн айрымдары. Сүрөт УКМКга таандык. 10-май, 2024-жыл.

Кыргызстандык А. М. Т. аттуу жаран уюшан кылмыштуу топтун колдоосу менен С. Э. аттуу жарандын мүлкүн жана бизнестеги үлүшүн ээлеп алган деген шек менен кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Коопсуздук кызматы 11-майда билдирди.

Ага ылайык, шектүү жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, болжолдуу баасы 10 млн доллар турган муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катышы бар экендиги аныкталган.

"А.М.Т. кримтөбөл менен туугандык байланышын пайдаланып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуп муниципалдык жер тилкелеринин ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес", - деп жазылган маалыматта.

УКМКнын маалыматында А. М. Т. аттуу жаранга тиешелүү жер тилкелери, анын өзүнө жана туугандарына таандык үйлөрү, көп кабаттуу үйдүн курулушу, үй-жайын тинтүү учурунда табылган акча, курал-жарак жана башка байлыктарынын сүрөттөрү тиркелген.

УКМК учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргыз бийлиги өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго жана аларга тиешеси барларга карата аёосуз күрөш уланып жатканын эскертип келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG