Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:50

Акаев балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин айтты


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 16-майдагы жыйынында акыркы учурда Кыргызстанда балдарга зордук-зомбулук көбөйгөнүн айтып, өкмөттү балдардын укугун коргоого чакырды. Эл өкүлү мындан тышкары мектеп окуучуларын ар кандай массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин билдирди.

“Чиновниктерди тосуп алууга балдарды тарткан иш-чаралардын баарын сүрөткө тартып чыгарыш керек. Ага такыр жол берилбеш керек. Балдарды кыштын ызгаарында, жайдын саратанында колуна гүл карматып коюп коюшат. Чиновниктерди тосуп алуу, массалык иш-чараларга тартылган балдар эси ооп жыгылган учурлар бар”, - деди ал.

Кыргызстанда ар кандай мамлекеттик массалык иш-чараларга мугалимдер менен окуучулар тартылган окуялар бар.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миңге жакын окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалган.

Бул окуяны иликтеген ведомстволор аралык комиссия алты адамды кызматтан бошотуу сунушун берген.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалып, 5-майда үй камагына чыккан.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жаракат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG