Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

БУУ Рафахтан 800 миңдей киши чыгып кеткенин билдирди


Газа.
Газа.

Израил чабуулдарын күчөткөндөн бери Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынан 800 миңдей киши башка аймактарга чыгып кетүүгө мажбур болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттиги (UNRWA, БАПОР) 18-майда билдирди.

«Рафахтын калкынын дээрлик жарымы, башкача айтканда, 800 миң киши азыркы тапта жолдо", - деди агенттиктин башкы комиссары Филипп Лаззарини.

Израил Рафах ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) акыркы таянычына айланганын, бул шаардагы жердеги операциясы чечүүчү мааниге ээ экенин билдирген.

Ал арада Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн АКШ курган убактылуу пирс пайдаланууга берилгени белгилүү болду. Эң зарыл гуманитардык жардам жүктөлгөн оор жүк ташуучу машиналар секторго жума күнү кире баштады.

Газа секторунда кармаш күчөгөнү 17-майда кабарланган. Негизги максаты ХАМАС тобун жок кылуу экенин айтып келе жаткан Израил Рафахтагы операциясын май айынын алгачкы күндөрү баштаган, бирок толук чабуул жасай электигин маалымдап келет.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда.

Газа анклавы Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан. АКШ ал жакка гуманитардык жүк жеткирүү үчүн сектордун түндүк жээгинен бир нече чакырым аралыкта убактылуу пирс кура баштаган. Курулуш иштерине 1 миңге жакын америкалык аскер тартылганы, пирс бир күндө оор жүк ташуучу 90 машинаны кабыл алууга жөндөмдүү болору, кийин машиналардын санын 150гө жеткирүү каралып жатканы маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG