Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Эдил Байсалов пакистандык студенттерден кечирим сурады


Эдил Байсалов. 19-май, 2024-жыл.
Эдил Байсалов. 19-май, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу пакистандык студенттер менен мугалимдерден кечирим сурады.

Ал бул тууралуу 19-майда Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин жатаканасына барганда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Студенттер менен жолугушууга Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жана Эл аралык университеттин президенти, Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев да катышты.

“Кээ бир адамдардын бул аракеттери биздин меймандостук маданиятка жана салтка эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген. Биз аларды “мусапыр” деп атайбыз. Урду тилинде да ушундай сөз бар экенин билем жана бул биздин элдерибиздин жакындыгынын көрсөткүчү. Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту бекемдөө үчүн көпүрө болуп саналат. Албетте социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар бар экенин түшүнөбүз. Сиздердин ата-энеңиздер, жакындарыңыздар Кыргызстанда жашоо коопсуз экенин билиши керек, сиздердин бакубат жашооңуздар үчүн толук жоопкерчилик бийликте”, - деди ал.

Эдил Байсалов 18-майга караган түнү Бишкек шаарындагы окуя боюнча териштирүүлөр дагы уланып, күнөөлүүлөр аныкталып жазалана турганын кошумчалады.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Кыргыз өкмөтү бул окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кабарлады. Жаракат алган үч чет элдик Бишкектеги мамлекеттик ооруканага жаткырылганын, абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда билдирди.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

Өткөн жылдын соңундагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда – бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35%. Чет элдик студенттердин 61% индиялыктар, 32% пакистандыктар. (BTo)

XS
SM
MD
LG