Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Ооганстанда испаниялык үч жаран каза болду


Бамиан аймагы. Архивдик сүрөт.
Бамиан аймагы. Архивдик сүрөт.

Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Бамиан провинциясында туристтердин өлүмүнө алып келген кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ алды. Бул тууралуу топтун 19-майдагы билдирүүсүндө айтылды.

Испаниянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдагандай, окуя 17-майда болду, үч испаниялык турист каза тапты, дагы кеминде бирөө жараат алды.

Ооганстандын «Талибан» башкарган өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдул Матин Кейн кол салуунун чоо-жайы териштирилип жатканын, кылмышка шектелип төрт киши камакка алынганын билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк үч туристтен тышкары жергиликтүү бир тургундун да өмүрү кыйылды, жараат алгандардын төртөө чет элдиктер, үчөө ооагн жарандары.

Бамианда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирген тарыхый объектилер жана Будданын гиганттык эки эстелиги жайгашкан, аларды талибдер 2001-жылы жардырып, талкалашкан.

2021-жылы Ооганстанда 20 жылдан кийин бийликке кайрадан “Талибан” кыймылы келген. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG