Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:03

Орусия Кара деңиз флотундагы дагы бир кемесинен ажыраганы ырасталды


"Циклон" кемеси. 2020-жыл.
"Циклон" кемеси. 2020-жыл.

Орусия Кара деңиз флотундагы дагы бир кемесинен ажыраганын Conflict Intelligence Team иликтөө тобу ырастады. Ракеталык "Циклон" чакан кемеси 19-майда украин армиясынын Севастополго жасаган ракеталык чабуулунан кийин чөгүп кеткени, ал флотко жакында эле тийгени маалымдалды.

Иликтөөчүлөрдүн колуна Севастополдун портунда жээктеги кеменин азыркы тапта суудан мачтасы гана чыгып турганы тартылган сүрөт тийген.

Кеменин кайсы жери талкаланганы, аны кайра калыбына келтирсе болобу же жокпу, ичинде адамдар болгонбу, алардын абалы белгисиз.

21-майда украиналык "КиберБорошно" долбоору порттун спутниктен тартылган сүрөттөрүнөн суу алдында техникалык иштерди жүргүзүүчү жана куткаруучу катерди көргөн.

Орусия бийлиги бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

"Циклон" — Орусия флотундагы эң заманбап чакан ракеталык кемелердин бири. Ал деңизге 2020-жылы жеткирилип, флотко 2023-жылдын июлунда өткөрүлүп берилген.

Салмагы 870 тонналык мындай кемелер «Калибр» аскердик канаттуу ракеталары, АК-176 артиллериясы менен куралданган. "Циклонго" "Панцирь" ракеталык зениттик комплекси орнотулган.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери бул өлкөнү болгон күжүрмөн куралы менен бутага алып келе жатат. Кара деңиздеги флоту да Украинанын аймагын аткылоого, чабуул коюуга колдонулууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG