Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Министрлик майыптыгы барлардын укугу боюнча сынга жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун Кадамжай психоневрологиялык мекемесиндеги адамдардын укугу боюнча маалыматына комментарий берди.

Министрлик укук коргоочунун Кадамжайдагы социалдык-стационардык мекеменин бөлмөлөрү суук, жылытылган эмес деген дооматына төмөнкүчө жооп берди.

"Былтыр декабрь айында күндүз температура төмөндөп кеткендиктен, имаратты жылытууда убактылуу көйгөйлөр жаралган. Бирок кырдаал өз убагында оңдолду. Жооптуу кызматкерлерге чаралар көрүлүп, жазага тартылышкан".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги карамагындагы социалдык-стационардык 17 мекеменин имараттары совет мезгилинде, айрымдары 1936-1940-жылдары курулганын, көпчүлүгү капиталдык оңдоодон өтпөгөнүн кошумчалаган. Жылуулук системасы бир да жолу жасалбаганын маалымдады.

Маалыматта андан тышкары мындай мекемелердеги майыптыгы бар адамдардын тамагына жаңы жылдан тарта күн сайын 200 сом бөлүнөрүн, тамактануусу жакшырганы жазылган.

Министрлер Кабинетинин чечими менен интернаттардагы майыптыгы бар адамдардын жашоо-шартын оңдоп, имараттарды оңдоп-түзөө иштерин, анын ичинде дары-дармектердин күнүмдүк бөлүнүшүн жана башка керектөөлөрүн көзөмөлдөө боюнча комиссия иштеп жатканы кабарланган. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча сунуштар Министрлер кабинетине жиберилет.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков 22-майда Жогорку Кеңештин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө майыптыгы бар адамдардын укугу көп бузуларын, ага жооптуу адамдар жазасыз калышарын билдирген. Аталган борбор майыптыгы бар адамдар багылуучу социалдык-стационардык мекемелерде шарт жоктугун, суук мезгилде жылытылбасын, тамак-аш жетишсиздигин, эскирген дары-дармектер берилерин мониторинг учурунда аныктаганын айткан. Бул фактылар боюнча тиешелүү материалдар прокуратурага жолдонгон.

Кыргызстандагы 17 социалдык-стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.

ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG