Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Казакстанда митингдерге катышып келген активист эки айга камалды


Айдар Сыздыковду күч кызматкерлери 16-майда кармап кетишкен.
Айдар Сыздыковду күч кызматкерлери 16-майда кармап кетишкен.

Казакстанда активист жана укук коргоочу Айдар Сыздыков камакка алынды. Ага «маңзат саткан» деген айып тагылып жатканын адвокаты Мейржан Доскараев билдирип, бул ишти жасалма деп атады.

Себеби, жактоочунун айтымында, активистке каршы арызданган киши андан маңзат сатып алганда акчасын банк картасына которгонун айтып берген, ал эми Сыздыковдун карталары үч жыл мурда блоктолгон жана жаңысын ачууга тыюу салынган. Ошондой эле арызда жазылган даректерде айырмачылык болууда.

2021-жылы Сыздыковго «экстремисттик уюмдун ишине катышуу» деген айыптын негизинде үч жылдык эркинен чектөө чарасы көрүлгөн жана банк карталарына бөгөт коюлган.

«Ал ошондон бери банк картасын ача албайт жана башка бирөөлөргө ишеним кат да жазып бере албайт. Бул иш саясий өңүттө. Муну мен куугунтук деп эсептейм», — деди адвокат.

Айдар Сыздыковду күч кызматкерлери 16-майда Астанадан кармап кетишкен.

Быйылкы жылы эле активист оппозиция митинг өткөрүүнү көздөп жатканын жарыялагандан кийин кеминде эки жолу 15 суткага камалган. 16-мартта Астана соту аны "Тынчтык митингин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин бир жыл ичинде кайталап бузуу" деген айып менен камаган. 2-мартта Европа Биримдигинин жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн өкүлчүлүктөрү жайгашкан жерде өткөн акцияга катышкан деп камакка алган. Сот отурумунда Сыздыков ал акцияга катышпаганын, колунда эч кандай плакаты болбогонун, окуянын жанынан өтүп баратып гана видеого тартып алганын айткан.

Айдар Сыздыков ага чейин да кармалып, административдик камакка алынган. Былтыр аны жана бир нече активистти Астанада кармап кетип, полицияга жеткиришкен. Аларга күч колдонгону, Сыздыков сабалганы маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG