Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Жалал-Абадда жол кырсыгында төрт адам набыт болуп, үчөө жараат алды


Жол кырсыгы Таш-Көмүр шаарынын аймагында болгон.
Жол кырсыгы Таш-Көмүр шаарынын аймагында болгон.

Жалал-Абад облусунда Ош-Бишкек жолунун 432-чакырымындагы жол кырсыгында төрт адам каза болуп, дагы үч жүргүнчү ар кандай жараат алды.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын облустук бөлүмүнүн билдиришинче, кырсык 24-майда таңкы саат 6.30дар чамасында Таш-Көмүр шаарынын тушунда болгон. Анда “Тойота Альфрад” үлгүсүндөгү Бишкекте Ноокатты көздөй кетип бараткан машина менен каршы тилкеде келаткан "Матис” үлгүсүндөгү машина кагылышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 17-майдагы кеңешмесинде быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4 пайызга өскөнү айтылган. Министр Улан Ниязбеков адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары боюнча эл арасында катуу талкуу жаралгандан кийин гана реакция жасоо өнөкөткө айланганын сындап, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.

ИИМдин маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. (TB)

XS
SM
MD
LG