Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Минск: теракт пландаган деген шек менен эки тажик жараны кармалды


Минск шаары, иллюстрациялык сүрөт.
Минск шаары, иллюстрациялык сүрөт.

Беларуста Минск шаарында теракт уюштурууга камданып жүргөн деген шек менен Тажикстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги бул өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме берип жазды.

Анда ИИМдин өкүлү Наталья Сахарчук кармалгандар Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилгенин билдирген.

Мунун алдында “Белорусский силовик” Телеграм-каналы кармалгандар “Ислам мамлекети” террорчул уюмдун “Жамоат Ансоруллох” бөлүмүнүн мүчөлөрү болушу мүмкүн экенин жазган. Тажик жарандары Германияга кеткени жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн, аларга Европага өтүп кетүүсүнө көмөктөшкөн адамдар дагы кармалганын кабарлаган.

Расмий Дүйшөмбү буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Өткөн айда Италияда “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун мүчөсү деген шек менен бир тажик жараны кармалган. Тажикстандын ИИМи алардын өтүнүчү менен бул жаран Римде колго түшүрүлгөнүн, 2018-жылдан бери издөөдө болгонун билдирген.

Москвадагы 22-марттагы концерттик залда куралдуу кол салууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "терактты түздөн-түз ишке ашырууга" байланыштуу айып тагылган.

Соңку айларда айрым жергиликтүү жана эл аралык басылмалар өз булактарына таянып, "Крокус Сити Холлдогу" терактка байланыштуу айыпталгандар менен катташы бар деген шек Тажикстанда бир нече адам кармалганын жазышкан. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мындай маалыматтарды “чагым” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG