Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Акыйкатчы пробациялык көзөмөл маселесине көңүл бурууга чакырды


Кандуу окуя болгон үйдүн короосу.
Кандуу окуя болгон үйдүн короосу.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунда жаш келин жана анын эки баласынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн айыптап билдирүү таратты. Анда мамлекеттик органдар аялдардын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшү керектигин, соңку учурда аларга карата зордук-зомбулук күч алганын белгилеген. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу маселелерине көңүл бурулушун талап кылган.

"Кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин, өч алуу максатында, зордук-зомбулукка кабылгандарга келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес", - деген Жаманбаева.

Таласта 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүрүүгө шек саналган 48 жаштагы К.Н. ушул жылдын 14-майында пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү аяктаганына байланыштуу каттоодон чыгарылганы белгилүү болгон.Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти шектүүнү 2023-жылдын 10-мартында Талас облусунун Бакай-Ата райондук соту пробациялык көзөмөл менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотконун, андан бери эч кандай эскертүү албаганын билдирген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, бир туугандар К.Н. жана К.М. мүлк талашып, чырлашкан. 2018-жылы шектүү К.Н. өз иниси К.Мге бычак шилтеп, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул факт боюнча ошол эле жылдын март айында, К.Н. Кара-Буура райондук сотунун өкүмү менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен сегиз жылга абакка кесилген.

2023-жылдын март айында ал пробацияга чыккан.

Тергөөнүн маалыматында, шектүү 24-майга караган түнү өч алуу үчүн инисинин үйүнө барган. Иниси талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурда ал инисинин 27 жаштагы аялын, анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Милиция кызматкерлери аны тоодон кармоо учурунда жок кылган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG