Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Тбилисиде "Чет элдик өкүл" мыйзамына каршы миңдеген адам жүрүшкө чыкты


Жүрүш Эркиндик аянтында башталды.
Жүрүш Эркиндик аянтында башталды.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында “Чет элдик өкүл” мыйзамына каршы жума күнү, 24-майда миңдеген адам катышкан жүрүш болду. Алар Эркиндик аянтынан Ички иштер министрлигинин имаратына чейин жөө басып келишти жана айрымдары күч органдарынын өкүлдөрү ур-токмокко алган, сабаган активисттердин жана оппозиционерлердин сүрөттөрүн көтөрүп турушту.

Мунун алдында Америка Кошмо Штаттары "чет элдик агент" мыйзамына байланыштуу Грузия менен алакасын караштырып, өкмөт өкүлдөрүнө санкция салууга камданып жатканы белгилүү болгон. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул тууралуу 23-майда билдирген.

"Грузияда 2024-жылдын октябрь айында өтө турчу шайлоо алдында, учурунда жана андан кийин, дегеле демократиялык жараяндарга жана институттарга тоскоолдук жараткандар АКШга кирүү үчүн виза алуу укугунан ажыратылат. Мындай адамдардын жакынкы үй-бүлө мүчөлөрү дагы ушундай эле чектөөлөргө кабылат", - деп жазылган Мамдепартаменттин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Буга чейин Европа Биримдигине мүчө Нидерланд, Эстония, Чехия жана Швеция грузин өкмөтүнүн "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракетине жооп катары Тбилисиге санкция киргизүүнү талап кылып жатканы белгилүү болгон. Чектөөлөрдүн катарында грузиялыктарга визасыз режимди жоюу сунушу дагы бар.

Миңдеген жарандардын каршылыгына карабай грузин парламенти "чет элдик агент" тууралуу мыйзамды 14-майда үчүнчү окууда жактырган. Президент Саломе Зурабишвили документке 18-майда вето койгон. Анткен менен парламентте көпчүлүктү түзгөн "Грузин кыялы" партиясы аны жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. Орусиянын мыйзамына окшош деп сынга алынган талаштуу мыйзамга каршы демонстрациялар Грузияда бир айдан бери уланууда.

Жарандык коом, оппозиция бул мыйзам Конституцияга каршы келип, өлкөнүн Евробиримдикке карай алган багытына балта чабарын айтууда. Грузин бийлиги болсо дооматтарды четке кагып келет.

Куду ушундай эле мыйзам Кыргызстанда март айында парламентте кабыл алынып, президент Садыр Жапаров апрель айынын башында кол койгон.

XS
SM
MD
LG