Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Арменияда өкмөткө каршы акциянын кеминде 226 катышуучусу кармалды


Ереван. 2024-жылдын 27-майы.
Ереван. 2024-жылдын 27-майы.

Арменияда Азербайжан менен чек ара маселеси боюнча талаптар айтылган акциялар бүгүн 27-майда да уланып, соңку маалымат боюнча, жалпысынан 226 демонстрант кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып News.am агенттиги билдирди. Полиция бөлүмдөрүндө орун калбай калганы кабарланды.

Кармалгандар арасында парламент депутаттары, белгилүү медицина жана маданият кызматкерлери бар. Полиция оппозициянын лидери, Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанянды да кармап кетүүгө аракет кылганы, бирок митингчилер ага жол бербей коюшканы маалымдалды.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акциялар 9-майда башталган.

Галстанян элди бүгүн да акцияга чыгууга чакырган. Жекшемби күнкү митингде оппозиция аны Пашиняндын ордуна өкмөт башчылыкка талапкер кылып көрсөттү.

Бүгүн эртең менен Галстанян, кечээ убада кылгандай эле, борбор калаа Ереванда машинеси менен жол тороду. Митингчилер шаардын башка жерлеринде да жолдорду бууп турушту.

Оппозиция Пашиняндын өкмөтү коңшу Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгонун айтууда.

1990-жылдардын башынан бери бул айылдар Армениянын көзөмөлүндө болчу, эми алар Азербайжан тарапка өтүүдө.

Пашинян өзү 16-майда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып ал келишимди «чоң ийгилик» деп атады жана Армениянын эгемендиги менен эркиндигин мындан ары да бекемдөө, өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам жасалганын айтты.

Талдоочулар азыркы митингдер Пашинян Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.(RK)

XS
SM
MD
LG