Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:46

Армения: Пашиняндын бийликтен кетүүсүн талап кылгандар кармалды


Арменияда өкмөткө каршы митингдин катышуучуларын полиция кызматкерлери кармап баратышат. 27-май, 2024-жыл. Ереван.
Арменияда өкмөткө каршы митингдин катышуучуларын полиция кызматкерлери кармап баратышат. 27-май, 2024-жыл. Ереван.

Ереванда 27-майда өкмөткө каршы демонстрацияда 200дөн көп адам кармалды. Митингге чыккан миңдеген адам Азербайжан менен Армения ортосундагы чек ара боюнча макулдашуунун жокко чыгарылышын жана премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Демонстрациянын башында чиркөө өкүлү Баграт Галстанян турат. Ал буга чейин өкмөт башчылыкка баруу ниетин билдирген. Байкоочулар митингдер Ереван ЖККУдан чыгарын жарыялагандан кийин башталганына көңүл буруп келишет.

Нааразылык акциясынын миңдеген катышуучулары 27-майда Еревандын борборундагы көчөлөрдү тороп, бийликтин отставкасын талап кылган ураандарды чакырышты. Галстанян өзү да машинеси менен жол тороду.

Демонстранттарды таркатууда 200дөн көп кишини полиция кармап кетти. Арасында парламент депутаттары, медицина жана маданият кызматкерлери бар.

“Азаттыктын” армян кызматы жазгандай, полициячылар акциялардын лидери, 53 жаштагы Галстанянды да кармоого аракет кылды. Демонстранттар буга жол беришкен жок.

Жекшембиде Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы Баграт Галстанян өкмөт башчылыкка баруу ниетин тарапташтарынын алдында жар салган. Ал Еревандагы армяндардын башкы диниятчысы Гергин IIден өзүнүн "диний ишмердүүлүгүн" токтотуп турууну суранганын билдирди.

Демонстранттар бул билдирүүнү кубаттап, кол чабуу менен кабыл алышты. Ал эми "Тавуш мекен үчүн" кыймылы анын талапкерлигин дароо өкмөт башчылыкка көрсөттү.

Армениянын Баш мыйзамына ылайык, парламенттеги депутаттардын кеминде үчтөн бири премьер-министрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрө алат. Бул үчүн алар өкмөт башчылыкка өз талапкерин сунушташы зарыл.

Буга чейин Армениянын мурдагы президенттери Роберт Кочарян жана Серж Саргсян менен байланышы бар парламенттеги оппозициячыл "Айастан" жана "Патив Унем" фракциялары бул сунушту колдошорун билдиришкен.

Демонстранттардын лидери, архиепископ Баграт Галстанян. 26-май, 2024-жыл.
Демонстранттардын лидери, архиепископ Баграт Галстанян. 26-май, 2024-жыл.

Аларга ийгиликке жетүү үчүн парламенттеги көпчүлүктүн добушу керек. Анткен менен мыйзам чыгаруучулардын көпчүлүгүн "Жарандык келишим" деп аталган Пашиняндын партиясынын өкүлдөрү түзөт. Алар оппозициянын бул ниетин колдомок тургай, сүйлөшүүгө да барбастыгын кыйытышкан.

Калк арасында дагы эле колдоого ээ Пашинян жакында эле Галстаняндын кызматтан кетүү чакырыгын четке каккан.

26-майдагы митингдин соңунда Галстанян Пашиняндын резиденциясына барып, аны менен жолугуп, кызматтан кетишин талап кыларын айтты.

Өкмөт башчынын резиденциясынын алдында бир аз күтүп, жооп албаган соң Галстанян тарапташтарына Республика аянтына барып 27-майдын таңында баштала турган "жарандык баш ийбөө" акцияларынын планын талкуулай турганын билдирди.

"Биз өкмөттү элдин талабы менен эсептешүүгө көндүрөбүз", - деди ал.

Никол Пашинян бул маалда суу ташкындан жабыркаган Лорий жана Тавуш облустарында жүргөн. Ал жакта жаратылыш кырсыгынан үч кишинин өмүрү кыйылып, эки адам дайынсыз болуп жатканын "Азаттыктын" армян кызматы билдирди.

Еревандагы өкмөткө каршы митингдин катышуучулары. 26-май, 2024-жыл.
Еревандагы өкмөткө каршы митингдин катышуучулары. 26-май, 2024-жыл.

Арменияда өкмөткө каршы митингдердин башталганына Баку менен Ереван жетишкен эки өлкө ортосундагы чек аранын кыска тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо чечими түрткү болду. Анын жыйынтыгында чек арадагы төрт айыл Азербайжан тарапка өткөн.

19-апрелде кабыл алынган чечимге нааразы Тавуш облусунун тургундары чиркөө башчысы Баграт Галстанянды ээрчип, Армения менен Грузияны байланыштырган кан жолду тороп салышкан.

Көп өтпөй “Тавуш Мекен үчүн” деген аталыштагы акция Ереванда уланды. 9-майда Еревандагы Республика аянтында орнотулган сахнада сүйлөп жатып, Галстанян алгачкы жолу Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган.

Баграт Галстанян деген ким?

Архиепископ Баграт Галстанян - армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы. Тавуш облусу Азербайжан менен чектешет. Диниятчы өзү Канаданын да, Армениянын да жараны.

Армениянын Конституциясына ылайык, кош жарандуулугу бар адамга өкмөт башчылыкка барууга тыюу салынат. Галстанян Баш мыйзамга каршы барбастыгын билдирди. Азырынча ал муну кандай жол менен ишке ашырарын тактай элек.

"Архиепископ чоң сыйга жана кадыр-баркка ээ. Ал өлкө ичинде жана чет жактардагы, Канададан баштап Орусиядагы диаспоралар арасында чоң иштерди кылган. Эл ага ишенет. Буга чейинки нааразылык акцияларынын баарын оппозиция жетектеп келген. Көптөр бул саясий структурадан чыгууну көздөшөт. Саясий лидерлерди ээрчигилери келбейт. Учурда каршылык кыймылдын башында архиепископ турат. Ага ишеним бар", - деп түшүндүрдү саясат таануучу Сергей Мелконян "Настоящее время" каналына курган маегинде.

Еревандагы митинг диниятчылардын жетекчилигинде өтүп жатканын катышуучулар эрөөн-төрөөн көргөн жок. Алардын айтымында, саясий күчтөр өлкөдө анча деле кадыр-баркка ээ болбогондуктан, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Архиепсикоп Британияда жана Канадада билим алган. Ал өзүнүн социалдык иштери менен да калк арасында сый-урматка татыган. Галстаняндын жетекчилиги менен түзүлгөн балдар хору Queen тобунун ырларын поппури кылып аткарып, атактуу топтун гитаристи Брайана Мэйдин көңүлүн бурган. Кийин Мэй балдар менен бирге 2022-жылы фестивалдардын биринде сахнага чогуу чыккан.

Бийликтеги партиянын өкүлдөрүнүн ишениминде, демонстранттардын лидерине мурдагы президент жана Пашиняндын негизги оппоненти Роберт Кочаряндын таасири күч. Пашинян 8-майдагы соңку маалымат жыйында дагы бул тууралуу айткан.

Галстанян мындай сөздөрдү төгүндөп жатат.

“Мен Роберт Кочарянга 2001-жылы бир эле жолуккам. Эгер дагы көрүшүп калсам, айтып коём, жашыра турган эч нерсе жок”, - деди ал.

Армян апостол чиркөөсү менен өкмөт ортосундагы пикир келишпестик өлкө 2020-жылы экинчи Карабак согушунда жеңилгенден кийин күчөгөн. Анда диниятчы Гергин II дагы өкмөттү остставкага кетүүгө чакырган. Ошондон бери Пашинян диний жөрөлгөлөргө катышууну токтоткон.

Армения менен Азербайжан ортосундагы келишим

Арменияда өкмөткө каршы митингдердин башталганына Баку менен Ереван жетишкен эки өлкө ортосундагы чек аранын кыска тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо чечими түрткү болду. Анын жыйынтыгында чек арадагы төрт айыл Азербайжан тарапка өткөн.

19-апрелде Армениянын Тышкы иштер министрлиги Баку менен Ереван чек аранын кайсы бир тилкесин демаркациялоо келишимине жетишкенин билдирген. Макулдашууга ылайык, Армениянын төрт айылы Азербайжан тарапка өтөт. Советтер Союзу учурунда Азербайжанга тийиштүү бул айылдарды 1990-жылдардын башынан бери Армения көзөмөлдөп келген.

Макулдашуу жетишилгенден кийин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян эмнеге мындай кадамга барганын түшүндүрүү үчүн чек аралаш аймактарга барган. Ал эки кошуна мамлекет ортосунда тынчтык орнотуу максатын гана көздөөрүнө ишендиргенге аракет кылды. Пашинян белгилегендей, эгер Армения өзүн укуктук мамлекет катары көрсөткүсү келсе, бул айылдарды Бакуга кайтаруудан башка аргасы жок.

“Кечирип койгула, соңку отуз жыл ичинде башаламандыкта жашаганыбызды, келгиле, моюнга алалы. Биз азыр бул башаламандык доору алар тараптан да, биз тараптан да аякташы керек деп айтып жатабыз”, - деди Пашинян.

Расмий Ереван билдиргендей, чындыгында азери тарапка эки жарым гана айыл өткөрүп берилет, калган бөлүгүн ушул убакка чейин эле Азербайжан көзөмөлдөп келген.

Айылдардын көп бөлүгү каралбай калган болсо да, стратегиялык мааниге ээ. Анткени Грузия менен Армениянын ортосундагы кан жолго жана өлкө Орусиядан газ алчу куурга жакын жайгашкан.

Чек ара келишимин АКШ, Европа Биримдиги жана Пашинян өзү да кубаттаган.

Соңку отуз жылда эки өлкө Советтер Союзу урагандан кийин этностук армяндар отурукташкан анклавга айланган жана Азербайжандын аймагы деп эл аралык деңгээлде таанылган Тоолуу Карабак үчүн үч жолу согушту. Бул окуялар адам өлүмү менен коштолуп келди.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы кишилер үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.

ЖККУдан оолактоо кадамдары

Талдоочулар азыркы акция Пашинян Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) колдоо көрбөгөндүктөн андан чыгып жатканын айткандан кийин уюштурулуп жатканына көңүл бурууда.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптады.

Москвада 8-майда Пашинян менен өткөн жолугушууда орус президенти Владимир Путин Орусия жана Армения ортосундагы эки тараптуу мамилени жана экономикалык алаканы жогору баалаган.

Андан мурдараак Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

Орусиянын Армениянын бир катар аймактарында жайгашкан аскерлери жана чек арачылары чыгарылмай болгону тууралуу маалыматты 9-майда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да ырастады. Бул тууралуу келишим 8-майда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ортосунда жетишилгенин армян тарап маалымдаган. Песковдун айтымында, "армян тараптын өтүнүчү боюнча" орусиялык чек арачылар “армян-түрк жана армян-иран чек ара тилкесинде калат".

Советтик, андан кийин орусиялык чек арачылар ал жакта СССР урагандан кийин да кала беришкен.

2020-жылы Армениянын Азербайжан менен Тоолуу Карабак боюнча жаңжалы курчуганда азери аскерлери басып киргенин айткан армян өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча орусиялык чек арачылар жана аскерлер Армениянын бир катар түштүк жана чыгыш аймактарына жайгаштырылган. Эми расмий Ереван аларды чыгарып кетүүнү өтүндү.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG