Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Грузия: Парламент комитети "чет элдик агент" мыйзамына коюлган ветого каршы чечим кабыл алды


Грузия.
Грузия.

Грузияда парламенттин юридикалык маселелер боюнча комитети президент Саломе Зурабишвилинин «чет элдик агент» мыйзамына каршы ветосун колдогон жок. 27-майда комитет президенттин ветосун ашып өтүү тууралуу чечим кабыл алды.

Мамлекет башчынын парламенттеги катчысы Георгий Мсхиладзе мыйзам долбоору дискриминациялык мүнөздө экенин, анын кабыл алынышы Грузиянын Конституциясынын жарандардын тынч жыйындарга эркин чогулуу, тең укукта жашоо деген сыяктуу жалпысынан төрт беренесине каршы келерин айтып, ал бейөкмөт уюмдарды жана сөз эркиндигин да чектей турганын белгиледи.

Үч сааттык талкуудан кийин комитет президенттин ветосун ашып өтүү зарыл деген бүтүмгө келди.

Эми вето маселеси парламенттин жалпы жыйынында 28-майда каралганы жатат.

Грузиянын акыйкатчысы Леван Иоселиани парламентти бул мыйзамды колдобоого чакырып, анын жарандык коомдун өнүгүүсүнө келтирген зыянын белгиледи жана залаканы азайтуу чараларын көрүү керектигин кошумчалады.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18 майда вето койгон жана бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгилеген.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес.

"Чет элдик агент" мыйзамына каршылыгын билдирген миңдеген жаран нааразылык акцияларын уюштурууда. (RK)

XS
SM
MD
LG