Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:06

Тасмасы Канн фестивалында сыйлыкка татыган ирандык режиссер "аралаш сезимде" экенин айтты


Режиссер Мохаммад Расулоф Канн кинофестивалында. Колунда тасманын башкы каармандарынын сүрөтү.
Режиссер Мохаммад Расулоф Канн кинофестивалында. Колунда тасманын башкы каармандарынын сүрөтү.

Ирандык кинорежиссер, чет жакта бозгунда жашап жаткан Мохаммад Расулоф Канн кинофестивалына катышуудан кийин «аралаш сезимдер» ээлеп турганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын «Ыйык анжир үрөнү» көркөм тасмасы кинофестивалда 25-майда көрсөтүлүп, 12 мүнөттүк кол чабуу менен коштолду. Фильм калыстар тобунун “жол берилгис адилетсиздикке көңүл бурдуруу” деген атайын сыйлыгын алды.

51 жаштагы Расулоф жети жылдык чектөөдөн кийин биринчи жолу чет жакка чыгып отурганын, аралаш сезим арбап турганын, анткени аны менен чогуу эмгектенип, бул кинофестивалга барууга үмүттөнгөн, бирок өлкөсүнөн чыга албай калган кесиптештери үчүн кейип жатканын белгилеп:

“Бирок, кандай болгон күндө да мен тасмабыз бул жерде көрсөтүлгөнүнө, ушундай тасма тартылышын каалаган адамдардын үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүк ачылганына кубанычтамын”, - деп айтты.

Расулоф тасманы чогуу тарткан топ “Ирандын атайын кызматтарынын көзөмөлүндө экенин” кошумчалады.

Коопсуздугуна коркунуч жаралгандыктан мекенинен жашыруун чыгып кетүүгө мажбур болгонун ал 13-майда билдирген. Социалдык түйүндөргө жарыяланган билдирүүсүндө мекенинде «улуттук коопсуздукка каршы кутум» деген айып тагылганын, сегиз жылдык абак мөөнөтү жана балак уруу жаза чарасы чегерилгенин, бир нече күн мурда Европага чыгып кеткенин маалымдаган.

Иран бийлиги Расулофтун «Ыйык анжир үрөнү» көркөм тасмасын дүйнөлүк Канн кинофестивалынан чакыртып алууну талап кылган.

"Чечим кабыл алуу үчүн убактым болгон деле жок. Же түрмөнү, же Ирандан чыгып кетүүнү тандоого мажбур болдум", - деген ал.

2017-жылы Иран бийлиги кинорежиссердун паспортун тартып алып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган. 2022-жылдын июнь айында камакка алынып, мунапыс алкагында бир жылдан кийин бошотулган.

Тасманы тартып жаткан учурда өзү да, чыгармачыл топтун башка мүчөлөрү да кысымга, басымга кабылганын айткан Расулоф бир нече жолу атайын кызматка суракка да чакырылышканын билдирген.

Тасмада Иранда бийликке каршы нааразылык акциялары боюнча козголгон иштерди караган судьянын тагдыры тууралуу баяндалат.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG