Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Германия мурдагы аскерин "Орусияга тыңчылык кылган" деп соттоду


Орусиянын Германиядагы элчилиги. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Германиядагы элчилиги. Архивдик сүрөт.

Германияда “Орусия украинага толук масштабдуу согуш ачкандан кийин бул өлкөгө купуя сыр деп таанылган аскердик маалыматты берип турган” деген айып менен мурдагы аскер кызматкери соттолду.

AFP маалымат агенттигинин кабарына караганда, 27-майда аты-жөнү Томас Х. деп жарыяланган мурдагы немис аскери Дюсселдорф шаарынын сотунун өкүмү менен 3,5 жылга эркинен ажыратылды.

Сот аны аскердик сатып алуулар кызматында иштеп турган учурда өз демилгеси менен орус тарапка маалымат берип турганы үчүн айыптуу деп тапты.

54 жаштагы жаран сотто күнөөсүн моюнуна алды. Көрсөтмө берип жатып ал эгер Орусиянын Украина менен кармашы өзөктүк согушка айланып кете турган болсо алардан үй-бүлөсүн коопсуз жерге дароо жеткирүүгө жардам бере турган маалымат алууга үмүттөнгөнүн айтып берди.

2022-жылдын февралынан бери Украинага жердеги жана абадагы куралынын дээрлик бардык түрлөрү менен сокку уруп келе жаткан Орусиянын Коргоо министрлиги өзөктүк машыгуу өткөрөрүн быйыл 6-майда жарыялаган. Союздашы Беларус да өзүнүн ядролук күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын текшерүүнү пландап жатканын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG