Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жапаров аскерлердин жашоо-шарты жакшыра турганын айтты


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди 29-май - Куралдуу күчтөрдүн майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы Куралдуу күчтөр Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугунун кепилдиги экенин белгиледи.

Куттуктоодо өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө олуттуу сыноо 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын учурунда болгонун белгилеп, "терроризмге каршы туруудагы тажрыйбабыз биздин өлкөнүн дүйнөлүк антитеррордук коалициянын ишмердигине чоң салым болуп калды" деп билдирди.

"Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн деңгээлин жогорулатуу үчүн заманбап курал-жарактуу, жогорку мобилдүү, кыска аралык ичинде минималдуу чыгым менен сырткы жана ички аскердик коопсуздукту чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар, аскер түзүмдөрүнүн арасында биримдикти жана ыкчам аракеттенүүнү бийик деңгээлде уюштуруу аракетин көрүп келебиз", - деп жазылган куттуктоодо.

Президент аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо, алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо-шартын жакшыртуу - мамлекеттин милдети экенин да белгиледи.

Эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы негизделген. Ошондон бери 29-май өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күнү катары белгиленип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG