Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

“Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы онунчу ирет басылып чыкты


“Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасынын онунчу басылышы. Бишкек. Май, 2024
“Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасынын онунчу басылышы. Бишкек. Май, 2024

Алыкул Осмоновдун котормосундагы грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы 10-ирет басылып чыкты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев билдирди.

Акындын эркин котормосу 1940-жылы латын тамгасында чыгарылган алгачкы котормо китебине салыштырылып, толукталып, оңдолуп басылган.

Жыйнак Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына, котормонун 85 жылдыгына арналып, бет ачары Грузиянын эгемендик күнүн утурлай, 25-майда Бишкекте өттү.

“Улуу тоолор” басмаканасынан 500 нускада чыккан китепке Грузиянын Кыргызстандагы элчилиги каржылык көмөк көрсөткөн.

“Жолборс теричен баатыр” аталышында 10-ирет басылып чыккан эмгекте махабат, киндик кан тамган жерге болгон ыйык сезим, убадага бекем туруу жана эр-азаматтар ортосундагы достук сыяктуу бийик түшүнүктөр камтылган.

Шота Руставели 1160-65- жылдардын аралыгында туулган деп эсептелет. Орто кылымдык араб, перс адабиятына, байыркы грек ойчул акындарынын чыгармаларына жана христиан философиясына бала кезден сугарылган.

“Жолборс терисин кийген баатыр” дастаны өзүнүн түпнускасында бүгүнкү күнгө жеткен эмес. Кол жазма варианттардын негизинде 1712-жылы грузиялык падыша Вахтанг VIнын демилгесине ылайык биринчи жолу китеп болуп чыгат. Бул китеп дастандын кийин чыккан грузин тилиндеги 50дөн ашык вариантынын негизин түзөт.

Кыргыз окурмандары поэманы Алыкул Осмоновдун котормосунда кеңири тааныган. 1940-60-жылдары кыргыздарда дастандын каармандары - Автандил, Тариэл, Тинатин, Рустеван сыяктуу ысымдар көп коюлган. (MZh)

XS
SM
MD
LG